Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 августа 2022 года № 474 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики, регулирующие условия оплаты труда работников бюджетной сферы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 21-июну № 238
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 257 токтомунун, 2010-жылдын 12-февралындагы № 91,2010-жылдын 5-мартындагы №128 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, 2014-жылдын 9-январындагы № 8, 2015-жылдын 8-октябры № 694, 2021-жылдын 17-февралындагы № 47 редакцияларына ылайык)
"Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча орган- дарды аккредитациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтомун ишке ашыруу жана Кыргыз акк- редитациялоо борборунун иштешин камсыздоо максатында Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз
аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин сандык чеги 15 штаттык бир- дик санында (тейлөөчү персоналды кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдын-
дагы Аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналары № 1 тир- кемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз
аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөк № 2 тиркемеге ылайык; (Мыйзамдын редакциясына 2008-жылдын 30-майындагы №257, 2010-жылдын 5-мартындагы №128 токтомунун редакцияларына ылайык алынып салынды)
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы
Аккредитациялоо борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт:
- календардык жылдын аягында эмгек акы фондунун орточо айлык өлчөмүндө
он үчүнчү эмгек акы;
- отпускага чыгууда ден соолугун чындоого эмгек акы фондунун эки айлык
өлчөмүндөгү пособие.; (Мыйзамдын редакциясына 2008-жылдын 30-майындагы №257, 2010-жылдын 5-мартындагы №128 токтомунун редакцияларына ылайык) 2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна жыл ичинде эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесипкөй жана чыгармачыл демилгелерди көрсөткөндүктөрү үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин. Аталган дем берүүчү төлөөлөр жыл үчүн иштин жыйынтыгы боюнча кызматкер- лердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөрү белгиленсин. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-октябры № 694 токтомдун редакциясына ылайык)
3. "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды
аккредитациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 9-пунктундагы "саны 11 адамдан турган штаттык бирдик"
деген сөздөр жана сандар "саны 15 адамдан турган штаттык бирдик" деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жобонун 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "16. кызматкерлеринин кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. КАБдын түзүмүн жана штаттык санын директор бекитет." (2010-жылдын 5-мартындагы №128 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 токтомуна № 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 , 2021-жылдын 17-февралындагы № 47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Кызматтын аталышы
Кызматтык маяналары, сом менен
1
Директор
18000
2
Директордун орун басары
17000
3
Бөлүм башчы
16000
4
Башкы адис (башкы бухгалтер)
15000
5
Башкы адис
12000
6
Жетектөөчү адис
11000
7
1-категориядагы адис
10000
8
Программист
10000
9
Жеңил автомобилдин айдоочусу
8500
10
Кызматтык жайды тазалоочу
5000
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 токтомуна № 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн ҮСТӨК (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
| Стажы | Үстөк % |
| 1-3 жыл | 5 |
| 3-5 жыл | 10 |
| 5-10 жыл | 15 |
| 10-15 жыл | 20 |
| 15-20 жыл | 25 |
| 20-25 жыл | 30 |
| 25 жылдан жогору | 40 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештик баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.11.2006 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2010-жылдын 12-февралындагы №91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору…Постановление · 12.02.2010 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 28-августу № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун…Постановление · 28.08.2008 · № 481
- Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген)Положение · 16.11.2006 · № 795 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инетитуту жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 30.11.2005 · № 546 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна…Постановление · 17.02.2021 · № 47 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери"…Постановление · 30.05.2008 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна…Постановление · 09.01.2014 · № 8 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.10.2015 · № 694 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештик баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.11.2006 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2010-жылдын 12-февралындагы №91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору…Постановление · 12.02.2010 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
9 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Соглашение (о взаимном признании прав на льготный проезд для инвалидов и участников Великой Отечественной войны, а также лиц, приравненных к ним от 12 марта 1993 года)Соглашение · 26.05.2008 · № 242