Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 января 2026 года № 46 "О некоторых вопросах Государственного агентства по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-01-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-декабры № 325 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Агенттикти туруктуу жайгаштыруу үчүн жай тапсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жөнөтүлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо суралсын.
7. Агенттиктин директору ушул токтомдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
8. Агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 30.01.2026 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 27 "Жеке маалыматтар субъектисинин…Приказ · 15.04.2025 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча…Постановление · 27.09.2022 · № 540
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 26 "Жеке маалыматтар субъектисинин…Приказ · 15.04.2025 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-январындагы № 4 Статистикалык, социологиялык…Приказ · 14.01.2025 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын…Положение · 22.03.2023 · № 158
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" жобосуПоложение · 22.12.2021 · № 325 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз…Постановление · 22.03.2023 · № 157 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 04.03.2022 · № 103 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.11.2016 · № 1057-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 30.01.2026 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майы № 253 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 22.05.2024 · № 253
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 30.01.2026 · № 46
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2016 · № 411 · Күчүн жоготкон