Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 17-январы № 25 Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 281, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 , 2019-жылдын 2-майындагы № 203, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2026-жылдын 27-августундагы № 588 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын калкынын турмуш деңгээлин андан ары изилдөө, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын индикаторлорун мониторингдөө, калкты социалдык коргоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Азык-түлүк коопсуздугунун улуттук саясатын маалыматтык камсыздоо, үй чарбаларды изилдөөнүн малыматтарынын тууралыгын арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
- ай сайын 1672 үй чарбада сурамжылоо жүргүзүү менен ылгап изилденүүчү үй чарбалардын санын 5016 үй чарбага чейин жеткирсин;
- изилденүүчү үй чарбалар берүүчү маалыматтардын жашырындыгын "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- изилдөөгө ыктыярдуу катышкан үй-бүлөлөргө кварталына 76 сомдон, инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөртүү менен компенсация берилет;
- сурамжы жүргүзүүчүлөргө календарлык ай ичинде иш жүзүндө изилденген үй чарбалардын санына жараша, ар бир үй чарба үчүн 737 сомдон акы; тапшырылган маршруттук баракчаларга жараша жол кире, ошондой эле бут кийим үчүн жылына эки жолу 900 сомдон акы төлөнөт;
- интервьюерлерге өргүү берилгенде ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө пособие төлөнөт;
- календарлык жылдын аягында интервьюерлерге эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт;
- интервьюерлерге иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдикке 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт, ал өргүү акыларын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашагандыгы, иштегендиги үчүн үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 281, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 , 2019-жылдын 2-майындагы № 203, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2026-жылдын 27-августундагы № 588 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үй чарбаларды ылгап изилдөөнү каржылоого керектүү каражаттарды жыл сайын бекитилүүчү республикалык бюджеттин чегинде өз убагында бөлүүнү караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-майындагы № 307 "Үй чарбаларын тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)
| Премьер-министри | Н.Танаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №115 "Кедейчиликтин чегин аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2011 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна…Постановление · 02.05.2019 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 «Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн…Постановление · 27.08.2026 · № 588
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна…Постановление · 30.12.2013 · № 716
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп…Постановление · 22.04.2020 · № 212
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Постановление Правительства КР от 31 мая 2000 года №307 "О статистике выборочных обследований домашних хозяйств"Постановление · 31.05.2000 · № 307 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 203 токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 203
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киризүү тууралуу"…Постановление · 10.06.2008 · № 281 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Постановление Правительства КР от 31 мая 2000 года №307 "О статистике выборочных обследований домашних хозяйств"Постановление · 31.05.2000 · № 307 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная Стратегия сокращения бедности на 2003-2005 годы. Комплексная основа развития Кыргызской Республики до 2010 года (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской…Стратегия · 08.05.2003 · № 269 · Күчүн жоготкон
- О государственной статистикеЗакон · 12.01.1994 · № 1390-XII · Күчүн жоготкон