Социалдык контрактты ишке ашырууга жеке ишкердин катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругуна 1-тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| | | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын «8» октябрындагы № 410-о буйругуна 1-тиркеме |
Социалдык контрактты ишке ашырууга жеке ишкердин катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо
1. Ушул Убактылуу жобо пилоттук режимде социалдык контрактты ишке ашырууга жеке ишкерлердин катышуусунун жана аларга социалдык контракттын каражаттарын берүүнүн механизмин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Жеке ишкер – юридикалык жакты түзбөстөн, жеке ишкердик ишти патенттин негизинде жүзөгө ашыруучу же салык кызматынын ыйгарым укуктуу органында жеке ишкер катары катталган жеке жак (мындан ары – ишкер). Патент – иштин тиешелүү түрү боюнча мыйзамдарда белгиленген ставкаларга ылайык салыкты белгиленген суммада эсептөөнү жана төлөөнү караган салыктын атайын режими. Расмий жумушсуз – эмгекке жарамдуу курактагы, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматынын органдарында иши же иш менен камсыз болууга теңештирилген иши, эмгек акысы (кирешеси) жок адам катары катталган, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууга кызыкдар жана ага киришүүгө даяр жаран.
3. Пилоттук долбоордун алкагындагы социалдык контракттын катышуучусу – аз камсыз болгон же жакыр үй-бүлөлөрдүн курамындагы расмий жумушсуздар.
4. Ишкерге социалдык контракттын каражаттары кайтарымсыз негизде берилет.
Төлөмдүн өлчөмү бир расмий жумушсузду ишке орноштургандыгы үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сомду түзөт. Пилоттук долбоорго катышкан бир эле ишкер 5тен ашык расмий жумушсузду/социалдык контракттын катышуучусун ишке орноштура албайт.
5. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү – 12 ай.
6. Патенттин колдонуу мөөнөтү пилоттук долбоордун колдонуу мөөнөтүнө шайкеш келүүгө тийиш.
7. Пилоттук долбоордун максаттары чакан ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү болуп саналат.
8. Ишкер пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде расмий жумушсузду окутууну жана расмий иш менен камсыз кылууну камсыз кылуунун ордуна каражаттарды алат.
9. Ишкерлерди тандоо, бизнес-долбоорлорду бекитүү, келишимдерди түзүү, келишим түзгөн катышуучуларды коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобого (мындан ары – Жобо) жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 292 буйругу менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча методикалык көрсөтмөгө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 «Укуктук мүнөздөгү мамлекеттик органдардын актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтомунун негизинде кабыл алынган (мындан ары – Методикалык көрсөтмө) ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ишкерлерди тандоодо төмөнкү талаптарга жооп берген ишкерлерге артыкчылык берилет:
– арыз берилген жылдын алдындагы мезгил үчүн салыктык отчет менен ырасталган, 1 жыл ичинде туруктуу кирешеси бар;
– расмий жумушсузга/социалдык контракттын катышуучусуна эң жогорку эмгек акысын сунуштаган;
– расмий жумушсузду/социалдык контракттын катышуучусун эмгек функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ылайык окутууну сунуштаган ишкерлерге.
Ишкерлерди тандоодо белгиленген бардык талаптарга жооп берген «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларына артыкчылык берилет.
11. Пилоттук долбоордун ишке ашырылышына контролдоо жүргүзүү, мониторинг жүргүзүү жана анын натыйжалуулугун баалоо иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жана/же анын аймактык бөлүмү) тарабынан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) менен биргеликте ай сайын жүргүзүлөт.
12. Активдерди (жабдууларды, техникаларды жана пилоттук долбоордун катышуучусу болгон ишкердин кароосу боюнча башка зарыл каражаттарды) сатып алуу ишкер тарабынан сатып алуу тобунун катышуусуз, Методикалык көрсөтмөдө көрсөтүлгөн документтерди берүү менен өз алдынча жүзөгө ашырылат.
13. Бишкек шаарында пилоттук долбоорду ишке ашыруу Жобого жана Методикалык сунуштамаларга ылайык жүргүзүлөт.
14. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышкан ишкер төмөнкү укуктарга ээ:
– кошумча жумуш орундарын түзүүгө багытталган каражаттарды алуу жана аларды өз каалоосу боюнча пайдалануу;
– аймактык бөлүмдөрдөн жана БУУ ДАТПнын эксперттеринен усулдук, консультациялык жана маалыматтык колдоо алуу;
– пилоттук долбоорго тартылган расмий жумушсуздарды түзүлгөн жумуш орундарында ишке орношконго чейин квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен аймактык бөлүмгө кайрылуу;
– пилоттук долбоорго катышуунун жүрүшү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга так маалымат берүү.
15. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышкан ишкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
– расмий жумушсузду пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык расмий эмгек ишмердиги менен камсыз кылууга;
– тиешелүү административдик-аймактык бирдиктеги орточо айлык эмгек акыдан төмөн эмес өлчөмдө эмгек акы төлөөнү камсыз кылууга.
16. Расмий жумушсуз/социалдык контракттын катышуучусу төмөнкү укуктарга ээ:
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына жооп берген шарттарда эмгек ишмердигин жүзөгө ашырууга;
– ишкер/иш берүүчү менен түзүлгөн келишимдин шарттарында аныкталган сый акы (эмгек акы, киреше же башка компенсация) алууга.
17. Расмий жумушсуз/социалдык контракттын катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
– эмгек келишиминин шарттарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин, коопсуздук техникасын, санитардык-гигиеналык жана өрткө каршы талаптарды сактоого;
– милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдук кылган жагдайлар келип чыккан учурда ишкерге/иш берүүчүгө жана аймактык бөлүмгө өз убагында маалымдоого.
18. Расмий жумушсуздун/жумуш издеп жаткан жарандын/социалдык контракттын катышуучусунун эмгек ченемдерин/эрежелерин бузушу материалдык кесепеттерге алып келген жана/же кырсыктын келип чыгышына себеп болгон учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда ишкер келишимдин шарттарын мындан ары ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
19. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде ишкер тарабынан келишимдин шарттары бузулган учурда, Комиссиянын чечиминин негизинде ишкер алынган каражаттардын суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кайтарылган каражаттар ишкер/иш берүүчү менен келишим түзгөн аймактык бөлүмдүн эсебине которулат. Эгерде каражаттар ишкер/иш берүүчү менен келишим түзүлгөн ошол эле жылы кайтарылган болсо, аймактык бөлүм аларды ушул пилоттук долбоордун алкагынан тышкары жаңы социалдык контракттын катышуучусуна берүүгө укуктуу. Каражаттар кийинки жылдары кайтарылган учурда, алар аймактык бөлүм аркылуу республикалык бюджеттин кирешесине которулат.
20. Методикалык көрсөтмөдө бекитилген ишкер/иш берүүчү менен аймактык бөлүмдүн ортосунда түзүлүүчү келишимдин жана социалдык контракттын типтүү формалары ушул Убактылуу жобонун негизги шарттары сакталган учурда ыйгарым укуктуу орган (аймактык бөлүм) тарабынан кошумча шарттар менен өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн.
21. Ушул пилоттук долбоордун алкагында ишкер/иш берүүчү менен социалдык контракттын катышуучусунун/кызматкердин ортосунда түзүлүүчү эмгек келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгек келишиминин мазмунун жана ушул буйруктун шарттарын сактоо менен түзүлөт.
| | | 1-тиркеме ЖӨБ органынын башчысы/ЭМСКББнын/МБнын начальнигине ______________________________________________жарандан ______________________________________________ катталган дареги: _______________________________________ иш жүзүндө жашаган дареги: _____________________________ ______________________________________________ паспорттук маалыматтары (сериясы, номери, берилген күнү, ким тарабынан берилген)______________________________ ___________________________________________________ телефону: _________________________________________ |
Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу жөнүндө арызы
Мени «Социалдык контракт» программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерлерди тандоого катышууга уруксат берүүнү суранам. Кирешелерди жашыргандыгы жана сынакка катышуу укугуна таасир этүүчү, атайылап туура эмес маалыматтарды камтыган документтерди бергендиги үчүн жоопкерчилик тартуу жөнүндө эскертилдим. Мен берген маалыматтарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан текшерүүгө, ошондой эле ишкердик ишмердүүлүк жүргүзүлүүчү объектке барууга каршылыгым жок. Ушул арыздын негизинде жеке маалыматтарымды: аты-жөнүмдү; туулган күнүмдү жана жеримди; инсандыгын ырастоочу документ жөнүндө маалыматтарды; жеке идентификациялык номерди; жашаган жеринин дарегин; байланыш маалыматтарын; билими жана эмгек ишмердиги жөнүндө маалыматтарды; банктык реквизиттерди; салыктык жана социалдык эсепке алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле ушул арыз боюнча мен тарабынан берилген башка маалыматтарды иштетүүгө макулдугумду берем. Бардык зарыл документтерди тиркейм (паспорт, ишкердик субъект катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, акыркы бир жылдагы кирешелери жөнүндө көчүрмөлөр, банктын реквизиттери, бизнес-долбоор).
Датасы: ____________________ Арыз ээсинин колу: __________________
Кабыл алган:
Ф.А.А. ________________________________________(колу) ________________________
| | | 2-тиркеме |
Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында жумуш орундарын түзүү жана кызматкерлерди ишке кабыл алуу боюнча бизнес-долбоорунун типтүү формасы
1. Арыз берүүчү жөнүндө жалпы маалымат
Аты-жөнү: ________________________________________________________________ Жеке ишкердин аталышы: ________________________________________________________________ Катталган дареги: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Байланыш телефону: ________________________________________________________________ Ишмердиктин түрү: ________________________________________________________________ Ишмердик жүргүзүлүүчү дарек: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Ишмердик кайсы жылдан бери жүргүзүлөт:_______________________________________, анын ичинен үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн жылдардын саны: _______________________________________ Акыркы жылдагы кирешенин суммасы: ___________________________________________ _____________________________________________________________________________
2. Иштеп жаткан бизнестин кыскача сүрөттөлүшү
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
3. Долбоордун максаты жана кызматкерлерди ишке кабыл алуунун зарылдыгын негиздөө
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
4. Бөлүнүп берилген финансылык каражаттар кайсы максаттарга жумшалат?
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
5. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу рыноктору
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
6. Кошумча жумуш орундарын түзүү планы
| № | Кесиби | Кызматкерлердин саны | Айына пландалган эмгек акысы, сом |
| 1 | |||
| 2 | |||
| 3 | |||
| 4 | |||
| 5 |
7. Түзүлүүчү кошумча жумуш ордунун мүнөздөмөсү
| Кесиптин аталышы жана негизги эмгек функциялары | Квалификацияга коюлуучу талаптар | Зарыл болгон иш тажрыйбасы | Иш режими | Иш убактысынын узактыгы |
| 1. | ||||
| 2. | ||||
| 3. | ||||
| 4. | ||||
| 5. |
8. Активдерди сатып алуунун пландаштырылган тизмеси
| № | Сатып алынуучу активдин аталышы | Саны | Баасы, сом | Жалпы суммасы, сом |
| 1 | ||||
| 2 | ||||
| 3 | ||||
| Жыйынтыгы |
9. Ишкердик ишмердиктен күтүлүүчү социалдык натыйжа
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
10. Негизги тобокелдиктер
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
| | | 3-тиркеме |
Катышуучуну жеке ишкерге ишке орноштуруу боюнча Социалдык контракт «_____» ______________ 20____жылы шаар/айыл ________________________________ калктуу конуш _____________________________ Ушул социалдык контракт бир тараптан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ________________________________________ аймактык бөлүмүнүн (мындан ары – «ЭСКММнын АБ») атынан Жобонун негизинде иш алып барган башкармалыктын начальниги __________________________________ менен, экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын жараны ________________________________, инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары: _______________________________, жеке идентификациялык номери: ________________________________, жашаган дареги: ________________________________________________________, (мындан ары – «Катышуучу») менен түзүлдү, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталышат. Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө ушул социалдык контрактты түзүштү.
1. Социалдык контракттын предмети
1.1. Ушул социалдык контракттын предмети – социалдык адаптациялоо программасынын иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында Катышуучуну жеке ишкерге ишке орноштуруу, туруктуу жумуш ордун түзүү, иш менен камсыз кылууну камсыз кылуу жана Катышуучунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз алдынча камсыз болууга өтүүсүнө көмөктөшүү максатында ЭСКММнын АБ менен Катышуучунун ортосундагы кызматташтык болуп саналат.
1.2. Ушул социалдык контракт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
1.3. Катышуучуну ишке орноштуруу үчүн төмөнкү жеке ишкер аныкталат:
Ишкердин аты-жөнү:__________________________________________________________; Жеке ишкердин аталышы:______________________________________________________; ЖИН:_______________________________________________________________________; Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери: __________________________________ __________________________; Ишкердик ишти жүргүзүү дареги:________________________________________________; мындан ары «Ишкер» деп аталат.
1.4. Ишкер ушул социалдык контракттын тарабы болуп саналбайт жана Катышуучу үчүн жумуш ордун түзүүгө жана аны ишке орноштурууга багытталган финансылык каражаттарды алуучу болуп саналат.
1.5. Ишкерге финансылык каражаттарды берүү тартиби, алардын максаттуу багыты, Ишкердин милдеттери, Катышуучуну ишке орноштуруунун шарттары, отчеттуулук, мониторинг жүргүзүү, каражаттарды кайтарып берүү тартиби жана Ишкердин жоопкерчилиги ЭСКММнын АБ менен Ишкердин ортосунда түзүлүүчү өзүнчө келишим менен аныкталат.
1.6. Катышуучу ишке орноштурула турган кесиптин же кызмат ордунун аталышы:
_______________________________________________________________
2. ЭСКММнын АБнын укуктары жана милдеттери
2.1. ЭСКММнын АБ төмөнкү укуктарга ээ:
· Катышуучунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелерин, мүлкүн жана муктаждыгын текшерүү үчүн мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана башка жактардан зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга;
· Катышуучунун материалдык-тиричилик шарттарын текшерүүгө;
· Катышуучунун социалдык адаптациялоо программасын жана ушул социалдык контракттын шарттарын аткаруусун текшерүүгө;
· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу органынын ыйгарым укуктуу адиси менен биргеликте Катышуучунун ишке орношуусуна мониторинг жүргүзүүгө;
· Ишкерден Катышуучунун ишке орношкондугун, эмгек акы төлөнгөндүгүн, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди жана маалыматтарды талап кылууга;
· ишкердик иш жүргүзүлүүчү жерге жана Катышуучу үчүн түзүлгөн жумуш ордуна барууга;
· алынган маалыматтарды ушул социалдык контрактты ишке ашырууга байланыштуу чечимдерди кабыл алууда пайдаланууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул социалдык контрактта каралган учурларда ушул социалдык контрактты ишке ашырууну токтотууга же токтотуп турууга;
· финансылык каражаттар максатсыз пайдаланылган же ЭСКММнын АБ менен Ишкердин ортосунда түзүлгөн өзүнчө келишимдин шарттары аткарылбаган учурда Ишкерден которулган финансылык каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга;
· алдамчылыктын, документтерди жасалмалоонун же башка укукка каршы аракеттердин белгилери аныкталган учурда укук коргоо органдарына кайрылууга.
2.2. ЭСКММнын АБ милдеттенет:
· Катышуучу үчүн жумуш ордун түзүүгө жана аны ишке орноштурууга багытталган, өлчөмү ________________________________ сом болгон финансылык каражаттарды Ишкерге которууга;
· көрсөтүлгөн каражаттарды ЭСКММнын АБ менен Ишкердин ортосунда түзүлгөн өзүнчө келишимде көрсөтүлгөн Ишкердин эсептик эсебине которууга;
· финансылык каражаттарды которгонго чейин Ишкер менен өзүнчө келишим түзүүнү камсыз кылууга;
· ушул социалдык контракттын ишке ашырылышын коштоону жана мониторинг жүргүзүүнү уюштурууга;
· Катышуучуга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык адаптация жана ишке орношуу маселелери боюнча консультация берүүгө;
· социалдык адаптациялоо программасын ишке ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар, мекемелер, калкты иш менен камсыз кылуу кызматтары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;
· Катышуучунун ишке орношуусуна жана Ишкердин өзүнчө келишимдин шарттарын сактоосуна контролдук жүргүзүүгө.
3. Катышуучунун укуктары жана милдеттери
3.1. Катышуучу төмөнкү укуктарга ээ:
· ушул социалдык контрактка, бекитилген социалдык адаптациялоо программасына жана эмгек келишимине ылайык Ишкерге ишке орношууга;
· Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкер менен жазуу жүзүндө эмгек келишимин түзүүгө;
· эмгек акы алууга, эмгектин коопсуз шарттары менен камсыз болууга жана башка эмгек кепилдиктерине ээ болууга;
· ЭСКММнын АБдан ушул социалдык контракттын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат алууга;
· Ишкер эмгек келишиминин же ЭСКММнын АБ менен Ишкердин ортосунда түзүлгөн өзүнчө келишимдин шарттарын бузган учурда ЭСКММнын АБга кайрылууга;
· финансылык каражаттар Ишкерге которулганга чейин ЭСКММнын АБга жазуу жүзүндө билдирүү менен программага катышуудан өз ыктыяры менен баш тартууга.
3.2. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
· белгиленген мөөнөттө Ишкер менен эмгек келишимин түзүүгө жана эмгек милдеттерин аткарууга киришүүгө;
· эмгек келишиминде каралган милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга;
· ички эмгек тартибинин эрежелерин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарын сактоого;
· коштоо жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу ЭСКММнын АБнын кызматкери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу органынын социалдык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу адиси же социалдык кызматкер менен өз ара аракеттенүүгө;
· социалдык адаптациялоо программасынын аткарылышынын жүрүшү жана ишке орношуу шарттары жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды үзгүлтүксүз берүүгө;
· эмгек келишими түзүлбөгөндүгү же бузулгандыгы, эмгек акы төлөнбөгөндүгү, иш жүзүндө жумуш орду жок болгондугу же Ишкер тарабынан башка бузуулар орун алгандыгы жөнүндө ЭСКММнын АБга токтоосуз маалымдоого;
· Ишкер менен эмгек мамилелери токтотулган учурда анын себептерин көрсөтүү менен ЭСКММнын АБга билдирүүгө;
· башка административдик-аймактык бирдикке көчүп кеткен учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу адисине же ЭСКММнын АБга билдирүүгө;
· Ишкерден жумуш ордун түзүүгө которулган финансылык каражаттарды өзүнө берүүнү талап кылбоого;
· ушул социалдык контрактка байланыштуу документтерди же маалыматтарды негизсиз материалдык пайда алуу үчүн пайдаланбоого.
3.3. Катышуучу тарабынан атайылап туура эмес маалыматтар берилгендиги, Катышуучу менен Ишкердин алдын ала макулдашып, мыйзамсыз аракеттерди жасоо фактысы аныкталган учурда;, алдамчылык аракеттерди жасагандыгы же Катышуучу тарабынан финансылык каражаттар же мүлк мыйзамдуу негиздерсиз алынгандыгы аныкталган учурда гана тиешелүү каражаттарды кайтарып берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Финансылык каражаттарды которуунун жана пайдалануунун тартиби
4.1. __________________________ сом өлчөмүндөгү финансылык каражаттар ЭСКММнын АБ тарабынан түздөн-түз Ишкердин эсептик эсебине которулат.
4.2. Катышуучу программаны ишке ашырууга арналган финансылык каражаттарды түздөн-түз Ишкерге которууга өзүнүн макулдугун ырастайт.
4.3. Каражаттарды Ишкерге которуу Катышуучунун социалдык адаптациялоо программасынын иш-чараларын финансылык жактан камсыз кылуу боюнча ЭСКММнын АБнын милдеттенмесинин аткарылышы болуп эсептелет.
4.4. Катышуучу Ишкерге которулган акча каражаттарына менчик укугуна, ошондой эле аларды өзүнө накталай же накталай эмес түрдө берүүнү талап кылуу укугуна ээ болбойт.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Катышуучу ушул социалдык контрактты ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга таасир эткен атайылап жалган, туура эмес же толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5.2. Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу, жумуш ордун түзүү, Катышуучуну ишке орноштуруу, эмгек акысын төлөө, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн Ишкер өзүнчө келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5.3. Каражаттарды максатсыз пайдалануунун натыйжасында аларды кайтарып берүү жөнүндө талап финансылык каражаттарды түздөн-түз алуучу Ишкерге коюлат.
5.4. ЭСКММнын АБ өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкерге финансылык каражаттарды өз убагында которуу жана ушул социалдык контрактты коштоону уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
5.5. ЭСКММнын АБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Катышуучунун жеке маалыматтарынын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылат.
5.6. Ушул социалдык контракттан келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
6. Социалдык контракттын колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу
6.1. Ушул социалдык контракт Тараптар тарабынан кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жыл бою колдонулат.
6.2. Ушул социалдык контрактка өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделет жана Тараптар тарабынан кол коюлат.
6.3. Ушул социалдык контракт ЭСКММнын АБ тарабынан төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн:
· Катышуучу тарабынан атайылап туура эмес маалыматтар берилген учурда;
· Катышуучу жүйөлүү себептерсиз эмгек келишимин түзүүдөн же социалдык адаптациялоо программасын аткаруудан баш тарткан учурда;
· Катышуучу менен Ишкердин ортосунда сөз байлашуу фактысы аныкталган учурда;
· ушул социалдык контракттын шарттары олуттуу бузулган башка учурларда.
6.4. Ишкердин демилгеси боюнча же Катышуучунун эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча эмгек келишиминин токтотулушу өзүнөн-өзү Катышуучуга каражаттарды кайтарып берүү милдетин жүктөөгө негиз болуп саналбайт.
6.5. Ушул социалдык контракт бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлүп, ар бир Тарапка бирден нуска берилет.
7. Тараптардын кол тамгалары жана реквизиттери
| ЭСКММнын АБ | Катышуучу | |
| Аталышы: ______________________________ | Аты-жөнү: __________________________________ | |
| __________________________________________ | ||
| Дареги: _______________________________ | Дареги: _______________________________ | |
| __________________________________________ | ||
| Начальниги: ___________________________ | ЖИН: __________________________________ | |
| Колу: _________________________________ | Колу: _________________________________ | |
| МО | ||
| 4-тиркеме |
Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу жана жумуш орундарын түзүү жөнүндө келишим №____
шаар/айыл________________________________ « » ______________ 20______жыл Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ______________________________________________ аймактык бөлүмү, мындан ары «ЭСКММнын АБ» деп аталат, начальниги ____________________________________аркылуу, Жобонун негизинде иш алып барган, бир тараптан, жана жеке ишкер __________________________________________________, паспорт: сериясы ______ № ________________, ________________________ тарабынан берилген; ЖИН:_______________________________________________________________________; жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк № _____________ «___» __________________ 20___-жыл; СТЖН (ИНН):_____________________________________________________________________________, мындан ары «Ишкер» деп аталат, экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишимдин предмети – социалдык контракттын негизинде социалдык адаптациялоо программасын ишке ашыруу максатында социалдык контракттын катышуучуларынын арасынан жарандар үчүн жумуш орундарын түзүү жана аларды ишке орноштуруу жолу менен ЭСКММнын АБ менен Ишкердин кызматташуусу болуп саналат.
1.2. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобого ылайык түзүлөт.
1.3. Ушул Келишимдин алкагында ЭСКММнын АБ Ишкерге социалдык контракттын ________ катышуучусу үчүн жумуш орундарын түзүүгө жана аларды ишке орноштурууга арналган, жалпы суммасы ____________________________________________________ сом болгон финансылык каражаттарды которот (сан менен жана жазуу түрүндө).
1.4. Финансылык каражаттар аларды максаттуу пайдалануу, бекитилген бизнес-долбоорду аткаруу, ушул Келишимде каралган жумуш орундарын түзүү жана ишке орноштурулган катышуучуларды белгиленген мөөнөттүн ичинде иш менен камсыз кылуу шартында Ишкерге кайтарымсыз негизде которулат.
1.5. Финансылык каражаттар тиешелүү социалдык контракттар түзүлгөн катышуучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Ишкерге которулат.
1.6. Финансылык каражаттар бекитилген бизнес-долбоордо жана чыгымдардын сметасында каралган товарларды, жабдууларды, материалдарды сатып алууга жана башка чыгымдарды төлөөгө гана пайдаланылышы мүмкүн.
1.7. Ишкер тарабынан алынган каражаттарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү, аларды жеке муктаждыктарга, мурда пайда болгон милдеттенмелерди жабууга жана бекитилген бизнес-долбоордо каралбаган чыгымдарга пайдаланууга жол берилбейт.
2. Тараптардын милдеттенмелери
2.1. Ишкер төмөнкүлөргө милдеттенет:
· ишкердик ишти бекитилген бизнес-долбоорго ылайык жүргүзүүгө;
· алынган финансылык каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууга;
· социалдык контракттын катышуучулары үчүн ________ жумуш ордун түзүүгө;
· финансылык каражаттарды алган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен катышуучулар менен эмгек келишимдерин түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек мамилелерин тариздөөгө;
· түзүлгөн эмгек келишимдеринин көчүрмөлөрүн жана эмгек мамилелеринин таризделгендигин ырастоочу документтерди алар түзүлгөн күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен ЭСКММнын АБга берүүгө;
· ишке орноштурулган катышуучуларды тиешелүү эмгек келишими түзүлгөн күндөн тартып бир жыл бою иш менен камсыз кылууга;
· эмгек акыны өз убагында төлөөгө, мыйзамдарда каралган салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө;
· эмгек акыны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу өлчөмдөн, ошондой эле ушул Келишимде жана эмгек келишиминде белгиленген өлчөмдөн төмөн белгилөөгө жол бербөөгө;
· кызматкерлер үчүн эмгек мыйзамдарынын, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун жана санитардык коопсуздуктун талаптарына жооп берген эмгек шарттарын камсыз кылууга;
· кызматкерлерге эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускама өткөрүүгө;
· зарыл болгон учурда кызматкерлерди өз каражаттарынын эсебинен окутууну уюштурууга;
· ЭСКММнын АБга бекитилген форма боюнча ай сайын жана квартал сайын отчетторду берүүгө;
· ЭСКММнын АБнын өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу органынын ыйгарым укуктуу адисинин ишкердик иш жүргүзүлүүчү жерде мониторинг жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө;
· ишкердик иш жүргүзүлүүчү дарек, банктык реквизиттер жана башка маанилүү маалыматтар өзгөргөн учурда тиешелүү өзгөрүү болгон күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен ЭСКММнын АБга жазуу жүзүндө билдирүүгө;
· Келишимди аткарууга тоскоолдук кылган жагдайлар келип чыккан учурда үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен ЭСКММнын АБга билдирүүгө;
· катышуучу менен түзүлгөн эмгек келишими токтотулган учурда, аны токтотуунун себептерин көрсөтүү менен ЭСКММнын АБга токтоосуз билдирүүгө;
· ар кандай себептер боюнча жумуш орду бошогон учурда, ЭСКММнын АБ менен макулдашуу боюнча социалдык контракттын башка катышуучусун ишке орноштуруу маселесин кароого;
· финансылык каражаттарды ушул Келишимде каралган учурларда жана тартипте кайтарып берүүгө.
Ишке орноштурула турган катышуучулар жөнүндө маалыматтар
| № | Катышуучунун аты-жөнү | Кесиби (кызматы) | Айлык маянасынын өлчөмү, сом |
| 1 | |||
| 2 | |||
| 3 | |||
| 4 | |||
| 5 |
2.2. Кошумча төлөмдөр, үстөк акылар, сый акылар жана башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Ишкердин локалдык актыларына жана эмгек келишимдерине ылайык белгиленет.
2.3. ЭСКММнын АБ төмөнкүлөргө милдеттенет:
· ушул Келишимдин 1.3-пунктунда белгиленген өлчөмдө финансылык каражаттарды Ишкердин эсептик эсебине которууга;
· өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкерге маалыматтык, консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө;
· ушул Келишимдин ишке ашырылышын коштоону жана мониторинг жүргүзүүнү уюштурууга;
· Ишкердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу органынын ыйгарым укуктуу адиси же социалдык кызматкер менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга;
· Ишкер тарабынан берилген отчетторду жана документтерди өз убагында кароого;
· аныкталган бузуулар жөнүндө Ишкерге жазуу жүзүндө маалымдоого жана эгерде бузууну жоюуга мүмкүн болсо, аны жоюу үчүн акылга сыярлык мөөнөт белгилөөгө;
· Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жана купуя маалыматтар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого.
3. Тараптардын укуктары
3.1. Ишкер төмөнкү укуктарга ээ:
· ушул Келишимде белгиленген өлчөмдө жана тартипте финансылык каражаттарды алууга;
· бизнес-долбоорду ишке ашыруу, отчетторду даярдоо жана милдеттенмелерди аткаруу маселелери боюнча ЭСКММнын АБдан түшүндүрмөлөрдү алууга;
· бизнес-долбоорго негиздүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ЭСКММнын АБга сунуштарды киргизүүгө;
· ЭСКММнын АБдан ушул Келишимдин шарттарынын сакталышын талап кылууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ЭСКММнын АБнын чечимдерине жана аракеттерине даттанууга.
3.2. ЭСКММнын АБ төмөнкүдөй укуктарга ээ:
· Ишкерден милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууну талап кылууга;
· жумуш орундарын түзүү жана Катышуучулардын эмгек укуктарынын сакталышы боюнча документтерди жана маалыматтарды талап кылууга;
· ушул Келишимдин аткарылышына пландуу жана пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүүгө;
· ишкердик иш жүргүзүлүүчү жерге жана түзүлгөн жумуш орундарына барууга;
· Катышуучулардан эмгек шарттары, эмгек акынын төлөнүшү жана эмгек келишиминин сакталышы жөнүндө маалыматтарды алууга;
· мониторинг жүргүзүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүн тартууга;
· Ишкер ушул Келишимдин шарттарын олуттуу бузган учурда, ушул Келишимди бир тараптуу тартипте бузууга;
· ушул Келишимде каралган учурларда которулган финансылык каражаттарды толук же жарым-жартылай кайтарып берүүнү талап кылууга;
· укук бузуу белгилери аныкталган учурда сот органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга.
4. Отчеттуулук жана мониторинг
4.1. Ишкер ЭСКММнын АБга кызматкерлердин иш менен камсыз болушу жана эмгек акынын төлөнүшү жөнүндө ай сайын жана квартал сайын отчет берет.
4.2. Мониторинг отчеттуулукту талдоо, ишкердик иш жүргүзүлүүчү жерге баруу, жумуш орундарын текшерүү, ошондой эле Ишкерден жана ишке орноштурулган Катышуучулардан маалыматтарды алуу жолу менен жүргүзүлөт.
5. Тараптардын жоопкерчилиги жана финансылык каражаттарды кайтарып берүү
5.1. Тараптар ушул Келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
5.2. Ишкер төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
· арызда, бизнес-долбоордо, отчеттордо жана башка берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн;
· алынган финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн;
· сатып алынган мүлктүн сакталышы үчүн;
· каралган сандагы жумуш орундарын түзүү үчүн;
· эмгек мамилелерин талаптагыдай тариздөө үчүн;
· эмгек акыны өз убагында төлөө, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн;
· кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн.
5.3. ЭСКММнын АБ төмөнкү учурларда которулган финансылык каражаттарды толук кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу:
· Ишкер тарабынан атайылап жалган же анык эмес маалыматтар берилгенде;
· финансылык каражаттар максатсыз пайдаланылганда;
· бизнес-долбоордо каралган иш жүргүзүлбөгөндө;
· каралган жумуш орундары түзүлбөгөндө;
· жүйөлүү себептерсиз Катышуучулар менен эмгек келишимдери түзүлбөгөндө;
· Катышуучулар фиктивдүү түрдө ишке орноштурулганда;
· мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук кылынганда;
· ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин ишкердик иш токтотулганда;
· ушул Келишимдин шарттары башка олуттуу бузулган учурда.
5.4. Финансылык каражаттар жарым-жартылай максатсыз пайдаланылган же бекитилген бизнес-долбоор жарым-жартылай аткарылбаган учурда, жол берилген бузуу ушул Келишимдин максатына жетүүгө мүмкүн болбой калышына алып келбесе, ЭСКММнын АБ финансылык каражаттардын тиешелүү бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
5.5. Финансылык каражаттарды кайтарып берүү жөнүндө талап коюудан мурда ЭСКММнын АБ Ишкерге аныкталган бузууларды жана аларды жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт, финансылык каражаттарды максатсыз пайдалануу, жасалма документтер, алдамчылык аракеттер аныкталган же жоюуга мүмкүн болбогон бузуу болгон учурларды кошпогондо.
5.6. Ишкер талапта көрсөтүлгөн сумманы жазуу жүзүндөгү талапты алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ЭСКММнын АБнын эсебине кайтарып берүүгө милдеттүү.
5.7. Финансылык каражаттар белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган учурда, аларды өндүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
5.8. Эмгек келишиминин Катышуучунун демилгеси боюнча же Ишкердин эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча токтотулушу финансылык каражаттардын бүткүл суммасын кайтарып берүү үчүн сөзсүз негиз болуп саналбайт, эгерде Ишкер:
· ЭСКММнын АБга өз убагында билдирсе;
· Катышуучунун иш жүзүндө ишке орноштурулгандыгын ырастаса;
· өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарса;
· ЭСКММнын АБ менен макулдашуу боюнча башка Катышуучуну ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсө.
5.9. ЭСКММнын АБ Ишкер төлөмдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык талаптарды аткарган шартта, финансылык каражаттарды өз убагында которуу үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Жеңилгис күч жагдайлары
6.1. Эгерде милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткарбоо Тарап алдын ала көрө албаган же акылга сыярлык чаралар менен алдын ала албаган жеңилгис күч жагдайларынын натыйжасында келип чыкса, Тарап жоопкерчиликтен бошотулат.
6.2. Милдеттенмелерди аткаруу мүмкүн болбой калган Тарап мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
7. Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, аны токтотуу жана бузуу
7.1. Ушул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө кошумча макулдашуу менен таризделет жана эки Тарап тарабынан кол коюлат.
7.2. Ушул Келишим төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
· Тараптардын макулдашуусу боюнча;
· анын колдонуу мөөнөтү аяктап, милдеттенмелер толук аткарылгандыгына байланыштуу;
· Ишкер Келишимдин шарттарын олуттуу бузган учурларда ЭСКММнын АБнын демилгеси боюнча;
· соттун чечими боюнча;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
7.3. ЭСКММнын АБнын Келишимди бир тараптуу бузуу жөнүндө чечими негиздери жана Келишимдин токтотулган күнү көрсөтүлүп, Ишкерге жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.
7.4. Ушул Келишимдин токтотулушу Ишкерди отчеттуулукту берүүгө жана аларды кайтарып берүү үчүн негиздер болгон учурда финансылык каражаттарды кайтарып берүү милдетинен бошотпойт.
8. Корутунду жоболор
8.1. Тараптар милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон өз ара көмөктөшүүнү көрсөтүшөт.
8.2. Талаштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жазуу жүзүндөгү дооматтарды алмашуу жолу менен чечилет.
8.3. Жазуу жүзүндөгү дооматты кароо мөөнөтү аны алган күндөн тартып он жумушчу күндү түзөт.
8.4. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
8.5. Ушул Келишим Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана бир жыл бою колдонулат, ал эми отчеттуулук, финансылык каражаттарды кайтарып берүү жана жоопкерчилик бөлүгүндө тиешелүү милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат.
8.6. Келишим эки нускада түзүлүп, ар бир Тарапка бирден нуска берилет.
9. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
| ЭСКММнын АБ | Жеке ишкер | |
| Аталышы: ______________________________________ | Аты-жөнү: _____________________________________ | |
| Юридикалык дареги: ____________________ | ЖИН: _____________________________________ | |
| (СТЖН) ИНН: __________________________________ | (СТЖН) ИНН: ____________________________________ | |
| Банктык реквизиттери: _________________ | Каттоо№: ___________________________ | |
| _______________________________________ | Юридикалык дареги: ______________________ | |
| Начальниги ______________________________ | Банктык реквизиттери: _____________________________________ | |
| Колу: _________________________________ | Колу: _____________________________________ | |
| МО | МО (бар болсо) | |
| Датасы: « » ____________ 20 -ж. | Датасы: « » ____________ 20 -ж. | |
| 5-тиркеме |
Социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында ишке орноштурулган кызматкер менен Эмгек келишими №______
шаар (айыл) _____________________________________ « » ________________ 20_________-ж. Жеке ишкер ____________________________________________________________________________, ЖИН________________________________, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк № ________________________________, « » ________________ 20____-ж. берилген, мындан ары «Иш берүүчү» деп аталган, бир тараптан, жана Кыргыз Республикасынын жараны ____________________________________________________________________________, ЖИН ________________________________, паспорту: сериясы ______________________ № ____________________, ____________________тарабынан берилген, __________________________________________________________ дарегинде жашаган, «Социалдык контракт» программасынын катышуучусу болуп саналган, мындан ары «Кызматкер» деп аталган, экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул эмгек келишимин түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Иш берүүчү Кызматкерди ___________________________________________________ кызмат ордуна (кесиби боюнча) жумушка кабыл алат.
1.2. Кызматкер көрсөтүлгөн кызмат орду (кесиби) боюнча эмгек милдеттерин жеке өзү аткарууга, ушул келишимдин шарттарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин, эмгекти коргоо талаптарын жана Иш берүүчүнүн башка локалдык актыларын сактоого милдеттенет.
1.3. Жумуш орду «Социалдык контракт» программасын жана жеке ишкердин жумуш орундарын түзүү жана кызматкерлерди ишке кабыл алуу боюнча бизнес-долбоорун ишке ашыруунун алкагында Иш берүүчү тарабынан түзүлөт.
1.4. Иштөө орду: ______________________________________________________________.
1.5. Кызматкердин негизги эмгек функциялары: _______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
1.6. Ушул келишим боюнча аткарылган иш Кызматкер үчүн негизги иштеген жери болуп саналат.
2. Келишимдин колдонуу мөөнөтү
2.1. Кызматкер эмгек милдеттерин аткарууга «_____» ____________ 20_____-ж. киришет.
2.2. Ушул эмгек келишими бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
2.3. Иш берүүчү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча эмгек келишими токтотулган учурларды кошпогондо, Кызматкердин программада белгиленген мөөнөт ичинде иш менен камсыз болушун камсыз кылат.
2.4. Иш берүүчүнүн «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууга катышуусу жөнүндө келишимдин мөөнөтүнүн бүтүшү же токтотулушу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзүнөн-өзү Тараптарды ушул эмгек келишиминен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
3. Кызматкердин укуктары жана милдеттери
3.1. Кызматкер төмөнкүдөй укуктарга ээ:
· ушул эмгек келишиминде шартталган иш менен камсыз болууга;
· эмгек акыны өз убагында жана толук өлчөмдө алууга;
· эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарына жооп берген жумуш ордуна ээ болууга;
· эс алууга, анын ичинде дем алыш күндөрүнө жана акы төлөнүүчү жылдык эмгек өргүүсүнө;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган социалдык камсыздандырууга жана башка кепилдиктерге;
· эмгек шарттары, эмгек акынын өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби жөнүндө маалымат алууга;
· Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга.
3.2. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
· эмгек милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга;
· эмгек тартибин жана белгиленген жумуш убактысынын режимин сактоого;
· эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу талаптарын жана санитардык ченемдерди сактоого;
· Иш берүүчүнүн мүлкүнө аяр мамиле кылууга;
· эмгек милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган жагдайлар жөнүндө Иш берүүчүгө токтоосуз билдирүүгө;
· эмгек мамилелерин тариздөө жана «Социалдык контракт» программасынын иш-чараларына катышуу үчүн зарыл болгон так документтерди жана маалыматтарды берүүгө;
· зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын чегинде «Социалдык контракт» программасынын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү иш менен камсыз болуунун мониторингине катышууга.
4. Иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Иш берүүчү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
· Кызматкерден эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарууну талап кылууга;
· аткарылып жаткан иштин сапатына жана өз убагында аткарылышына контролдук жүргүзүүгө;
· ак ниет эмгеги үчүн Кызматкерди сыйлоого;
· Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик чараларын колдонууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш берүүчүнүн башка укуктарын жүзөгө ашырууга.
4.2. Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
· Кызматкер менен эмгек мамилелерин мыйзамдарда белгиленген тартипте тариздөөгө;
· Кызматкерге ушул келишимде көрсөтүлгөн кызмат орду (кесиби) боюнча иш берүүгө;
· Кызматкерди эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жумуш орду, жабдуулар, шаймандар жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;
· коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарын сактоого;
· Кызматкерге эмгек акыны өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө;
· жумуш убактысынын эсебин жана Кызматкердин эмгек ишмердигине байланыштуу башка документтерди жүргүзүүгө;
· Кызматкерге мыйзамдарда каралган кепилдиктерди, компенсацияларды жана өргүү берүүгө;
· Кызматкердин «Социалдык контракт» программасына катышуусуна байланыштуу эмгек шарттарын негизсиз начарлатууга жол бербөөгө;
· программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдарга Кызматкердин ишке орношуусу, эмгек акынын төлөнүшү жана түзүлгөн жумуш ордунун сакталышы жөнүндө маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипте берүүгө.
5. Жумуш убактысы жана эс алуу убактысы
5.1. Кызматкерге төмөнкүдөй иш режими белгиленет:
жумуш күндөрү: ______________________________________________________________; дем алыш күндөрү: ____________________________________________________________; иштин башталышы: ______ саат ______ мүнөт; иштин аякташы: ______ саат ______ мүнөт; эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу: саат ______дөн саат ______гө чейин.
5.2. Жумуш убактысынын узактыгы жумасына ______ саатты түзөт.
5.3. Кызматкерди ашыкча иштөөгө, дем алыш жана майрам күндөрү иштөөгө тартуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жүзөгө ашырылат.
5.4. Кызматкерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык узактыкта акы төлөнүүчү жылдык эмгек өргүүсү берилет.
6. Эмгек акы төлөө
6.1. Эмгек милдеттерин аткаргандыгы үчүн Кызматкерге төмөнкү өлчөмдө кызматтык маяна (эмгек акы) белгиленет:
__________________________________________________________________ (____________________________________________________________________________________) сом айына.
6.2. Кызматкердин эмгек акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик минималдуу кепилдиктерден төмөн болууга тийиш эмес.
6.3. Кошумча төлөмдөр, үстөк акылар, сый акылар жана башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Иш берүүчүнүн локалдык актыларына жана ушул эмгек келишимине ылайык белгиленет.
6.4. Эмгек акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте төлөнөт.
6.5. Эмгек акысынан салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармап калуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
6.6. Иш берүүчү Кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөйт.
7. «Социалдык контракт» программасына катышуунун шарттары
7.1. Тараптар Кызматкерди ишке орноштуруу Иш берүүчү тарабынан «Социалдык контракт» программасын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн жумуш ордуна жүргүзүлүп жаткандыгын ырасташат.
7.2. Иш берүүчү Кызматкердин иш жүзүндө иш менен камсыз болушун камсыз кылууга жана эмгек мамилелерин фиктивдүү тариздөөгө жол бербөөгө милдеттүү.
7.3. Кызматкер ушул келишимде каралган эмгек функцияларын иш жүзүндө аткарууга милдеттүү.
7.4. Иш берүүчү түзүлгөн жумуш ордун «Социалдык контракт» программасынын шарттарында жана жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу жөнүндө келишимде каралган мөөнөт ичинде сактоону камсыз кылат.
7.5. Ушул эмгек келишими жумуш ордун сактоо боюнча программада белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин токтотулган учурда, Иш берүүчү, эгерде мындай милдет программада жана Иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн келишиминде каралса, бошогон жумуш ордуна программанын катышуучуларынын ичинен башка адамды ишке орноштуруу боюнча чараларды көрөт.
7.6. Кызматкердин «Социалдык контракт» программасына катышуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган анын эмгек укуктарын жана кепилдиктерин чектебейт.
8. Эмгекти коргоо
8.1. Иш берүүчү эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарына жооп берген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.
8.2. Ишке киришүүгө уруксат бергенге чейин Иш берүүчү Кызматкерге эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өрт коопсуздугу боюнча зарыл инструктаж өткөрөт.
8.3. Кызматкер эмгекти коргоо боюнча белгиленген талаптарды сактоого жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мүлктүн сакталышына коркунуч келтирген кырдаал келип чыккандыгы жөнүндө Иш берүүчүгө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
9. Тараптардын жоопкерчилиги
9.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9.2. Иш берүүчү эмгек акыны өз убагында жана толук төлөө, талаптагыдай эмгек шарттарын камсыз кылуу жана иш берүүчүнүн башка милдеттерин аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
9.3. Кызматкер эмгек милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген чектерде жоопкерчилик тартат.
9.4. Иш берүүчүнүн «Социалдык контракт» программасына катышуу шарттарын бузгандыгы үчүн, эгерде мындай бузуу Кызматкердин күнөөсү боюнча болбосо, Кызматкерге жоопкерчилик жүктөөгө жол берилбейт.
10. Эмгек келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аны токтотуу
10.1. Ушул эмгек келишиминин шарттарын өзгөртүү Тараптардын макулдашуусу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
10.2. Ушул эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер жана тартип боюнча гана токтотулушу мүмкүн.
10.3. Эмгек келишимин токтотуу Иш берүүчү тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделет.
10.4. Эмгек келишими токтотулган учурда Кызматкерге тиешелүү суммалар төлөнүп берилет жана зарыл болгон документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө берилет.
11. Жеке маалыматтарды иштетүү
11.1. Кызматкер Иш берүүчүгө анын жеке маалыматтарын эмгек мамилелерин тариздөө жана аткаруу, салыктык жана социалдык эсепке алууну жүргүзүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, ошондой эле «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууга байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштетүүгө макулдугун берет.
11.2. Кызматкердин жеке маалыматтарын ЭСКММнын АБга жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берүү Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен «Социалдык контракт» программасын ишке ашыруу, коштоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон учурларда жана көлөмдө жол берилет.
12. Корутунду жоболор
12.1. Ушул келишим менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
12.2. Кызматкердин абалын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына салыштырмалуу начарлаткан ушул келишимдин шарттары колдонулбайт.
12.3. Тараптардын ортосундагы талаштар сүйлөшүүлөр жолу менен, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
12.4. Ушул келишим юридикалык күчү бирдей болгон эки нускада түзүлөт: бир нускасы Иш берүүчүгө, экинчиси Кызматкерге берилет.
12.5. Кызматкер ушул эмгек келишиминин өзүнө тиешелүү нускасын алгандыгын ырастайт.
13. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
ИШ БЕРҮҮЧҮ Жеке ишкер _____________________________________________________________________________ СТЖН (ИНН): _____________________________________________________________________________ Дареги: _____________________________________________________________________________ Телефону: _____________________________________________________________________________ Банктык реквизиттери: _____________________________________________________________________________ Колу: __________________________ /____________________________________________/ МО (бар болсо) КЫЗМАТКЕР Аты-жөнү: _____________________________________________________________________________ ЖИН: _____________________________________________________________________________ Паспорт: _____________________________________________________________________________ Жашаган дареги: _____________________________________________________________________________ Телефону: _____________________________________________________________________________ Колу: __________________________ /____________________________________________/ «______» _______________________ 20___-жыл Эмгек келишиминин нускасын алдым: __________________________ /_________________________________________________/ «______» ______________________ 20____-жыл
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2022 · № 385
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" ЖобосуПоложение · 15.07.2022 · № 385
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябры № 292 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча…Приказ · 24.10.2025 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июну № 319 "Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2025 · № 319
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 410-о "Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу…Приказ · 08.10.2026 · № 410-о
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 28-ноябры № 326 "Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча…Приказ · 28.11.2025 · № 326 · Күчүн жоготкон
- Жеке ишкердин социалдык келишимди ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобосу (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана…Временное положение · 28.11.2025 · № 326 · Күчүн жоготкон