Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнүн Убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 8-октябры № 410-о
Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнүн Убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө
Социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алуучулардын категорияларын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Укуктук мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомун (мындан ары – Министрлик) жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнүн Убактылуу жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 2026-жылдын октябрынан 2027-жылдын октябрына чейинки мезгилде жеке ишкерлердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык схема боюнча ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Министрликтин Бишкек, Ош, Каракол шаарларындагы жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы аймактык башкармалыктары республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу менен ар биринде 25тен кошумча жумуш ордун түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын.
4. Министрликтин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгы:
- ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Министрликтин веб-сайтында мамлекеттик жана расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кабыл алынган буйруктун электрондук вариантын Укуктук маалыматтын борборлоштурулган базасына киргизүү үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлүшүн камсыз кылсын;
- ушул буйрукка ылайык пилоттук долбоорду ишке ашырсын;
- пилоттук долбоор аяктагандан кийин эки айдын ичинде талдоо жүргүзсүн жана сунуштарды даярдасын;
- пилоттук шаарлардын жана райондун калкынын арасында пилоттук долбоор жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрсүн;
- пилоттук долбоордун ишке ашырылышына ай сайын мониторинг жүргүзсүн.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде пилоттук долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтүүсү сунушталсын.
6. Министрликтин пилоттук аймактык башкармалыктарынын башчылары буйрукту аткарууга алышсын.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 326 “Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирсин.
9. Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
| Министр | А.К. Имангазиев | |
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын «8» октябрындагы № 410-о буйругуна 2-тиркеме |
Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча ПИЛОТТУК ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУН СХЕМАСЫ
1. АРЫЗ БЕРҮҮ
Жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтому менен бекитилген «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» жобосунда жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябрындагы №292 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча методикалык көрсөтмөнү бекитүү жөнүндө» буйругунда каралган механизмге ылайык пилоттук долбоорго катышуу үчүн арыз берет
2. ТАНДОО
Талаптарга жана артыкчылыктуу критерийлерге ылайык келүүсүн текшерүү ушул буйрукка, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтому менен бекитилген “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө”жобосунда жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябрындагы №292 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча методикалык көрсөтмөнү бекитүү жөнүндө” буйругунда каралган механизмге ылайык тандоо жүргүзүлөт
3. БЕКИТҮҮ
Бизнес-долбоорду бекитүү жана келишим түзүү
4. РАСМИЙ ЖУМУШСУЗДАРДЫ ТАНДОО
Бир ишкерге/потенциалдуу иш берүүчүгө 5 адамга чейин расмий жумушсуздарды тандоо
5. ОКУТУУ
Зарыл болгон учурда, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамдардын алкагында кесиптик окутуу же ишкердин/иш берүүчүнүн өз каражаттарынын эсебинен өз алдынча окутуу жүргүзүлөт
6. ЖУМУШКА ОРНОШТУРУУ
Эмгек келишимин түзүү жана салыктарды, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө менен расмий жумушка орноштуруу
7. КАРЖЫЛОО
Аймактык бөлүм ар бир жумушка орноштурулган социалдык контракттын катышуучусу үчүн 150 000 сомдон төлөп берет.
8. КАРАЖАТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ
Ишкер зарыл болгон активдерди өз алдынча сатып алат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябрындагы №292 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча методикалык көрсөтмөнү бекитүү жөнүндө” буйругунда көрсөтүлгөн тастыктоочу документтерди берет.
9. МОНИТОРИНГ
Ай сайын аймактык бөлүм, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоо тобу тарабынан контролдоо жүргүзүлөт.
10. АЯКТОО
Натыйжаларга баа берүү. Пилоттук долбоор 70 расмий жумушсуздун/социалдык контракттын катышуучусунун пилоттук долбоор аяктагандан кийин туруктуу жумуш орду болгон учурда ийгиликтүү деп эсептелет. Ишкер тарабынан келишимдин шарттары бузулган учурда каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине кайтарылат.
Пилоттук долбоордун катышуучуларынын ортосунда келишимдерди/контракттарды түзүүнүн СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 28-ноябры № 326 "Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча…Приказ · 28.11.2025 · № 326 · Күчүн жоготкон
- Жеке ишкердин социалдык келишимди ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобосу (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана…Временное положение · 28.11.2025 · № 326 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябры № 292 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча…Приказ · 24.10.2025 · № 292
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2022 · № 385
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 252
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" ЖобосуПоложение · 15.07.2022 · № 385
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июну № 319 "Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2025 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 28-ноябры № 326 "Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча…Приказ · 28.11.2025 · № 326 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.