Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-марты № 722 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:
- 15-пункту "жана анын түзүмдүк" деген сөздөрдөн кийин "аймактык" деген сөз менен толукталсын;
- 16-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат."; 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19. Департаменттин кызматкерлери жана персоналы менен болгон эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Министрликтин актыларына ылайык ишке ашырылат.".
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментин тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттордун белгиленген лимитине ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдарды каржылоону камсыздасын;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2019-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо тийишүү өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууга донордук каражаттарды жана каржылоонун башка булактарын издеп тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментин автотранспорттук каражаттар менен камсыздоо маселесин иштеп чыксын;
- ушул токтомдун 2 жана 3-пункттарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттарынын алкагында ишке ашырсын.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абдылгазиев
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө ЖОБО"Положение · 31.12.2018 · № 666
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764…Положение · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 666
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон