Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2020-жылдын 15-июну №1 Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобосунун 11-пунктун жеткчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Укуктук маалымат бөлүмү белгиленген тартипте:
1) ушул буйрукту өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо үчүн журналга каттасын;
2) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизсин.
3. Адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгы:
1) Финансылык жана уюштуруу техникалык камсыздоо башкармалыгы менен ушул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо пробация маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 “Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна пробация волонтерлоруна тиешелүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому күчүнө кирген күндөн тартып, күчүнө кирет.
Министр
М.Т. Джаманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 666
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон