Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 26-январы № 905-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-июнуна чейин узартылсын.
2. "Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункттагы "2023-жылдын 1-февралына чейин" деген сөздөр "2023-жылдын 1-июнуна чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Н.А.Азыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги №176-VII "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы…Постановление · 06.04.2022 · № 176-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106