Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябры № 655-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Элдик" депутаттык тобунун 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 54 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча төмөнкү курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Козуев А.А. - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан; Абдибаева А.Н. - "Ишеним" парламенттик фракциясынан; Мамытов Т.Т. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан; Жамгырчиев Э.Э. - "Альянс" парламенттик фракциясынан; Кожокулова Г.А. - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан; Ашимова Д.А. - "Ыйман нуру" парламенттик фракциясынан; Ажибаев Ч.И. - "Элдик" депутаттык тобунан; Атажанов Ы.Ы. - "Мекенчил" депутаттык тобунан; Сурабалдиева Э.Ж. - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунан;
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия 2022-жылдын 1-декабрына чейин жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Н.Т.Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 682-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 655-VII токтому менен…Постановление · 01.12.2022 · № 682-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 675-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 01.12.2022 · № 675--VII
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106