Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 1-ноябры № 1555-VII
Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1965-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө максатында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Ж.Э.Садырбаева - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Ж.Таалайбек кызы - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
А.Алтынбеков - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
М.К.Сарбагышев - "Элдик" депутаттык тобунан;
Д.Д.Бекешев - № 28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
2. Комиссия аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын санын, бул оорулардын алдын алуу, дарылоо максатында 2024-жылга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарынын өлчөмүн аныктоо, ошондой эле аларга тийиштүү деңгээлде жардам көрсөтүү жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарын сактоо маселелерин иликтөө боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссия, зарыл болгон учурда, өз ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистерин, эксперттерин жана коомдук уюмдарды тартууга укуктуу.
5. Комиссия өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты 2024-жылдын 4-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1965-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Төрага
Н. Т. Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1955-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 03.04.2024 · № 1955-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 2142-VII "Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул…Постановление · 05.06.2024 · № 2142
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрели № 1965-VII "Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы…Постановление · 03.04.2024 · № 1965-VII
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.