Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-апрели № 1956-VII
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1970-VII , 2024-жылдын 27-июнундагы № 2322-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Мекенчил" депутаттык тобунун 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 124 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Г.О.Култаева - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Г.С.Молдобекова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
С.А.Айжигитов - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
У.Б.Бакасов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1970-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары көмөк көрсөтсүн.
3. Маалыматтарды жыйноо, талдоо, иликтөө жана жалпылоо, материалдарды даярдоо үчүн Комиссия өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерин, зарыл болгон учурда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия 2024-жылдын 3-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2322-VII токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Н.Т. Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2322-VII "Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү…Постановление · 27.06.2024 · № 2322-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1967-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 04.04.2024 · № 1967-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2283-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 27.06.2024 · № 2283-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрели № 1970-VII "Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү…Постановление · 04.04.2024 · № 1970-VII
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.