Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 15-октябры № 758-VIII «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Дж.А. Джаманбаеванын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасын угуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй сунуштамалар кароо үчүн жөнөтүлсүн жана алардын аткарылышы тапшырылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
– чет өлкөлүк студенттерди басмырлоонун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
– чет өлкөлүк студенттердин ыңгайлашуусу үчүн жогорку окуу жайларынын алдында психологиялык жана укуктук колдоо механизмдерин, ментордук программаларды түзүү;
– Бишкек шаарынын чегинен тышкары жаңы тергөө изоляторун куруу, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерин улуттук мыйзамдардын талаптарына жана эл аралык стандарттарга ылайык толук реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
– укук колдонуу практикасында бирдейликти камсыз кылуу, айыпталуучунун сот отурумдарына жеке өзү жана аралыктан катышуусунун формаларына карата бирдиктүү мамиле жасоону бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КР КПК) 115, 266, 290 жана 296-беренелериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында КР КПКга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө;
– айыпталуучунун сот отурумдарына жеке өзү катышуусунун жалпы эрежеси каралган, видеоконференцбайланышты колдонуунун тартибин жана негиздерин аныктаган, ошондой эле аралыктан катышууда купуялуулуктун сакталышына жана коргонуу укугунун толук ишке ашырылышына кепилдиктерди бекиткен ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу;
– Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциянын жоболоруна ылайык келген жана көмөкчү (адистештирилген) мектептердин ишин комплекстүү жөнгө салуучу бирдиктүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү;
– бардык көмөкчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө ылайыкташтырылган билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле бул укуктун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү тутумун түзүү аркылуу жалпы орто билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү аттестат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу маселесин карап чыгуу;
– коопсуз, ыңгайлуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында көмөкчү мектептердин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана алардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо, анын ичинде ылайыкташтырылган окуу эмеректерин, адистештирилген жабдууларды, заманбап окутуу жана реабилитациялоо каражаттарын сатып алуу, инженердик тармактарды жана санитардык-тиричилик жайларын жаңылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
– жалпыга маалымдоо каражаттары жана расмий маалыматтык каналдар аркылуу калктын жер пайдалануу эрежелери, менчик ээлеринин укуктары жана мыйзамсыз курулуштун кесепеттери жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
– бузуунун жол-жоболорунун так сакталышын камсыз кылуу: менчик ээлерине алардын укуктарын түшүндүрүү менен алдын ала кабарлоодон тартып демонтаждоо учурунда кызматкерлердин аракеттерин милдеттүү түрдө каттоого жана документтештирүүгө чейин;
– Кыргыз Республикасында онкологиялык ооруларды контролдоо жана алдын алуу боюнча жаңы стратегияны жана 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү планды кабыл алуу жана бекитүү;
– 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү планда онкологиялык оорулары бар бейтаптар жана алардын үй-бүлөлөрү менен дарылануудан баш тартуу маселелери боюнча иштөөгө, ошондой эле мындай үй-бүлөлөргө социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүгө багытталган иш-чараларды караштыруу;
– тиешелүү ведомстволорго онкологиялык оорулары бар бейтаптар үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алуу шарттарын кайра карап чыгууну тапшыруу. Ошону менен бирге «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу аларды дары-дармек каражаттары (анын ичинде таргеттик жана иммунотерапиялык препараттар) менен камсыз кылууну контролдоо жана дары-дармек каражаттарынын стратегиялык запастарын түзүү;
– 2026–2027-жылдарга бюджеттин долбоорунда төмөнкүлөргө кошумча каражат бөлүүнү караштыруу:
Улуттук онкология жана гематология борборунун жана аймактык онкологиялык бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоого; сызыктуу ылдамдаткычтарды сатып алууга; онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек препараттарын сатып алууну каржылоону көбөйтүүгө; жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды (сызыктуу ылдамдаткычтарды, компьютердик томографтарды, маммографтарды, эндоскопиялык аппараттарды ж.б.) үзгүлтүксүз иштетүү үчүн аларды сертификацияланган техникалык тейлөөнү каржылоонун туруктуу механизмин түзүүгө; термопластикалык маскаларды жана корсеттерди даярдоого, ошондой эле радиология бөлүмүн заманбап термопластикалык маскалар, баш таянгычтар жана вакуумдук матрастар, анын ичинде балдар үчүн арналгандар менен жабдууга;
– аймактардан келген онкологиялык оорулары бар бейтаптарды жана алардын жакындарын дарылануу мезгилинде колдоо жана коштоо максатында алардын убактылуу жашап туруусу үчүн жатакана ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
– аймактардагы орун жетишсиздиги өзгөчө курч болгон психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин (мындан ары – ПССМ) жана психиатриялык ооруканалардын койкалык фондун көбөйтүү жана жаңы имараттарын куруу маселесин карап чыгуу;
– Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын (мындан ары – РПО) жана Чым-Коргон айылындагы РПОнун медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу бөлүмдөрүн кайтарууну камсыз кылуунун тартибин аныктаган токтом долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
– психиатриялык ооруканаларга өмүр үчүн маанилүү болгон дары-дармек препараттарынын өз убагында жана үзгүлтүксүз жеткирип берилишин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
– расмий кирешеси болбогон карызкорлорду жумушка орноштуруу механизмин киргизүү;
– Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын (ИИМ, ЭСКММ, МСК, МКК) жана сот органдарынын тутумдары менен интеграцияланган карызкорлордун бирдиктүү электрондук дайындар базасын иштеп чыгуу;
– Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобонун (мындан ары – БИК) 24-пунктуна БИК мүчөсү эмгек өргүүсүндө, кызматтык иш сапарда же убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда аны алмаштырууга уруксат берген өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– БИКтин ар бир чечим боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлө турган протоколдорунун бирдиктүү үлгүсүн иштеп чыгуу;
– БИКтин мүчөлөрү үчүн балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча үзгүлтүксүз окутууларды жана практикалык семинарларды уюштуруу;
– медреселерде жана диний мекемелерде билим алган балдардын жалпы билим берүү программасына жеткиликтүүлүгүн белгиленген үлгүдөгү аттестаттарды берүү менен камсыз кылуу маселесин карап чыгуу;
– 2026–2030-жылдарга ВИЧ-инфекциясын жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жоюу боюнча жаңы мамлекеттик программаны бекитүү боюнча чараларды көрүү жана анын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
– Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Кеминдеги Кургак учук менен ооруган бейтаптарга паллиативдик жардам көрсөтүү ооруканасы үчүн жаңы имараттарды, ошондой эле «Жети-Өгүз» дарылоо-реабилитациялык борборунун кампасын куруу маселесин карап чыгуу;
– мамлекеттик жана социалдык мекемелерде, билим берүү уюмдарында жана саламаттык сактоо объекттеринде тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө тутумдуу мамиле жасоону камсыз кылуу;
– ар бир облуста майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борборлорду уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
– карызкорлордун кирешелерин объективдүү баалоо үчүн айыл өкмөттөрүндө айыл чарба кирешелерин (жерди, малды, түшүмдү) эсепке алуу механизмин киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына:
– майыптыгы бар адамдардын шайлоо укугун ишке ашырууга жолтоо болгон тоскоолдуктарды № 1121, 1214, 1215, 1145, 1146, 4060, 1167 жана 5286 шайлоо участокторунда тиешелүү шарттарды түзүү аркылуу жоюу;
– ЖАМКнын № 53 жана № 25 мекемелеринде кармалган адамдардын шайлоо укуктарын ЖАМКнын № 21 мекемесинде колдонулган практикага окшош таризде ишке ашырууну камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна:
– сот отурумдарынын графиктеринин сакталышын жана иштерди кароонун башкарылышын контролдоону күчөтүү;
– бардык сот залдарынын аудио- жана видеофиксация каражаттары менен толук жабдылышын камсыз кылуу;
– сот отурумдарынын кийинкиге жылдырылышынын себептерин эсепке алуу жана талдоо;
– сотторду жана сот аппараттарынын кызматкерлерин видеоконференцбайланышты пайдалануу маселелери боюнча даярдоону камсыз кылуу;
– сүрөттүн, үндүн жана байланыштын туруктуулугунун тийиштүү сапатынын техникалык параметрлери жана критерийлери, ошондой эле жеке дайындарды коргоо бөлүгүндө соттордо видеоконференцбайланышты пайдалануунун Сот отурумдарын аудио- жана видеофиксациялоо боюнча колдонуудагы нускаманы толуктаган бирдиктүү техникалык стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
– КР КПКнын 78-беренесинин сот имараттарында балдар үчүн атайын жабдылган залдар жана күтүү бөлмөлөрү жөнүндө 3-бөлүгүнүн талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
– мыйзамсыз объекттерди курган куруучулардын гана эмес, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан шаар куруу жана жер мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу боюнча чараларды көрбөгөн же алардын бузулушуна жол берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын да аракеттерине (аракетсиздигине) ар бир учур боюнча укуктук баа берүү;
– эрте никеге туруу жана эрте төрөт учурларын кароодо мыйзамдардын бирдей колдонулушун көзөмөлдөөнү күчөтүү;
– кайрадан психологиялык жаракат алдырууга жол бербөө максатында жабырлануучу-баланын көрсөтмөлөрүн милдеттүү түрдө депонирлөө каралган өзгөртүүлөрдү КР КПКга киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
– алимент иштери боюнча аткаруу өндүрүшүн көзөмөлдөөнү күчөтүү;
– ИИМ, ЭСКММ, МСК, МКК, УКМК менен натыйжалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине:
– абанын сапаты жана анын калктын саламаттыгына тийгизген таасири жөнүндө маалыматтарды расмий интернет-ресурстарында жана ЖМКда үзгүлтүксүз жарыялоо;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шаарларды жашылдандыруу боюнча ченемдерди, анын ичинде бир адамга туура келүүчү жашыл өсүмдүктөрдүн аянттарынын минималдуу өлчөмүнө жана жашыл зоналардын жеткиликтүүлүгүнө карата талаптарды жаңылоо;
– жашыл насаждениялардын аянтына жана жеткиликтүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана анын жыйынтыктары боюнча жыл сайын коомчулукка ачык отчет берүү;
6) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине:
– температуранын болжолдонгон жогорулашын жана аптаптуу ысык толкундарын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– социалдык жана билим берүү мекемелерин санитардык-гигиеналык көзөмөлдөөнү күчөтүү;
– клиникалык протоколдорду жана өзгөчө климаттык кырдаалдарга чара көрүү пландарын жаңылоо;
– онкологиялык кызматтын медициналык персоналынын ишин иш жүзүндөгү жумуш жүктөмүн жана амбулатордук кабыл алууларды эске алуу менен оптималдаштыруу, ошондой эле медициналык кызматкерлердин амбулатордук жүктөмүн отчеттук документтерде жана эмгек акысын төлөөдө эсепке алууну камсыз кылуу;
– Ош облустар аралык онкология борборунда нур терапиясы бөлүмүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
– облустук онкологиялык бөлүмдөрдүн диагностикалык базасын жана кадрдык потенциалын күчөтүү;
– атайын обочолонгон жайларды сормо желдетүү жана чыпкалоо тутумдары менен жабдып, цитостатикалык препараттар менен иштеген медициналык кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу;
– Улуттук онкология жана гематология борборунун күндүзгү бөлүмүндөгү койка-орундардын санын көбөйтүү маселесин карап чыгуу;
– медициналык жардам көрсөтүүнүн баштапкы деңгээлинде онкологиялык оорулардын алдын алуу чараларын, анын ичинде аялдардын тиешелүү адистердин кароосунан жыл сайын милдеттүү өтүүсүн күчөтүү;
– психиатриялык ооруканалардын медициналык кызматкерлери тарабынан Стамбул протоколунун колдонулушун жана таризделишин талаптагыдай контролдоо, ошондой эле психиатриялык ооруканалардын медициналык кызматкерлери үчүн жыл сайын окутуу иш-чараларын өткөрүү;
– психиатр-дарыгерлер үчүн социалдык кепилдиктерди жана финансылык стимулдарды караштырган, аймактардагы психиатриялык ооруканаларга жаш адистерди тартуу жана алардын туруктуу иштеп калуусу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана киргизүү;
– медреселерде жана диний окуу жайларында билим алган жашы жете электерди медициналык кароодон өткөрүүнү контролдоону иш-чаралар планына киргизүү;
– ВИЧ менен жашаган адамдарга жана кургак учук менен ооруган бейтаптарга карата стигманы жана басмырлоону азайтуу боюнча чараларды көрүү, анын ичинде:
калк жана медициналык кызматкерлер үчүн бейтаптардын укуктары жана басмырлоосуз мамиле кылуу жөнүндө маалыматтык-билим берүү кампанияларын өткөрүү; медициналык мекемелердин баштапкы деңгээлден тартып үчүнчү деңгээлге чейинки кызматкерлери үчүн этика, купуялуулук жана бейтаптарга сабырдуу мамиле кылуу маселелери боюнча милдеттүү тренингдерди уюштуруу;
– ВИЧ жана кургак учук инфекцияларын жуктуруп алуу учурларын андан да эрте аныктоо боюнча чараларды көрүү:
баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСЖ) кызматкерлерин кургак учукту жана ВИЧти эрте аныктоо маселелери боюнча окутуу; кургак учук менен ооруган адамдар менен байланышта болгон адамдарды бирдиктүү эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү тутуму жана аларды толук аныктоо жана байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашуу аркылуу Улуттук фтизиатрия борборунун, БМСЖнын жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ортосундагы ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө;
– «фтизиатрия» адистигинин жагымдуулугун жогорулатуу, анын ичинде эмгек акыны көбөйтүү, социалдык жана материалдык кепилдиктерди кеңейтүү, ошондой эле студенттер жана ординаторлор үчүн максаттуу даярдоо, насаатчылык жана кесиптик багыт берүү программаларын ишке ашыруу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана киргизүү;
– аймактык кургак учукка каршы мекемелерге методикалык жана клиникалык колдоо көрсөтүү үчүн телемедицинаны пайдаланууну жана аралыктан консультация берүүнү кеңейтүү;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кургак учук менен ооруган бейтаптарга мажбурлап дарылоо чараларын колдонууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кайтаруу кызматы менен тиешелүү келишимдерди түзүү жана мажбурлап дарылоо жүргүзүлгөн учурда кургак учукка каршы дарылоо мекемелерин кайтарууну камсыз кылуу үчүн кайтарууну каржылоо маселесин чечүү жөнүндө сунуш киргизүү;
– медициналык буюмдар жана реабилитациялык каражаттар менен камсыз кылуу программаларын кеңейтүү жана өркүндөтүү;
– медициналык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде санатордук-курорттук дарылоонун сапатын жогорулатуу;
– көрсөтүлүүчү кызматтар жана аларды алуу тартиби жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жана аймактык билим берүү органдарына:
– билим берүү уюмдарында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларын киргизүү, анын ичинде ысык мезгилде сабактардын графигин өзгөртүү, ичүүчү сууга жана көлөкөлүү жайларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, имараттарды желдетүү жана муздатуу тутумдары менен жабдуу;
– окутуу аяктагандан кийин колдоо көрсөтүү чараларын ишке ашыруунун алкагында көмөкчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүн коштоо программасын иштеп чыгуу жана киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
– айрым билим берүү уюмдарында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү;
– ЖИИ, медициналык жана социалдык кызматтардын катышуусунда мектептерде баланын укуктары, жеке коопсуздук жана жыныстык кол тийбестик маселелери боюнча алдын алуу иш-чараларын пландаштыруу;
8) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:
– өнүгүүнүн башкы пландарына климаттык тобокелдиктер жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чаралары боюнча бөлүмдөрдү милдеттүү түрдө киргизүү менен аларды коомдук талкуулоону жүргүзүү;
– ата-энелер жана жашы жете электер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу эрте жана мажбурлап никеге туруунун алдын алуу, жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде тобокелдиктерди эрте аныктоо, БИКке өз убагында маалымдоо жана жергиликтүү алдын алуу пландарын ишке ашыруу боюнча иш планын иштеп чыгуу;
9) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине:
– психиатриялык ооруканалар менен өз ара аракеттенүү аркылуу психиатриялык ооруканаларда узак убакыттан бери жаткан адамдарды ПССМге которууну уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү;
– иш берүүчүлөр тарабынан майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу үчүн белгиленген 4 пайыздык квотанын сакталышын контролдоону күчөтүү, ылайыкташтырылган жумуш орундарын жана коопсуз инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүү;
– майыптыгы бар адамдар үчүн ылайыкташтырылган кесиптик даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү;
– майыптыгы бар адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кабардар болушун камсыз кылуу;
– санарип инструменттерди киргизүү менен медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү жол-жоболорун оптималдаштыруу;
10) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине:
– Таш-Көмүр шаарындагы ички иштер органдарынын Күзөт кызматынын уставдык милдеттерине Кызыл-Жар айылындагы РПОнун медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуучу бөлүмдөрүнүн ичин кайтаруу, ошондой эле соттолгон бейтаптарга карата функционалдык милдеттерин аткарууда медициналык персоналды коштоо жана коргоо боюнча милдеттерди киргизүү;
– мыйзамда белгиленген нике курагына жете элек адамдар менен никеге туруунун алдын алуу жана эрте никеге туруу учурларын тутумдуу түрдө аныктоо боюнча чараларды күчөтүү;
– КР КПКнын 78-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында ички иштер органдарында «балдарга ыңгайлуу бөлмөлөрдү» ачуу;
– жабырлануучу-баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнө анын кылмыштын натыйжасында келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп алуу укугу жөнүндө өз убагында маалымдоо боюнча чараларды көрүү;
– жабырлануучу-бала же күбө жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдардын жоопкерчилигин белгилөө менен балдар иштери боюнча ачык-айкындуулукту чектөө жөнүндө КР КПКнын 476-беренесинин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
11) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке:
– диний лидерлер менен мамлекеттик каттоодон өтпөстөн диний никеге турууга жол берилбестик маселелери боюнча түшүндүрүү жана методикалык иштерди жүргүзүүнү иш планына киргизүү, ошондой эле аларды балдар никесинин жана мажбурлап никеге тургузуунун алдын алуу иштерине тартууга көмөк көрсөтүү;
– медреселердин жана диний окуу жайларынын ишине, шарттарына жана коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле оң корутунду болгон учурда эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүүнү планга киргизүү;
– жашы жете электерди окуткан медреселерде жана диний окуу жайларында тамактануу жана окуу үчүн төлөмдүн бирдиктүү өлчөмүн иштеп чыгуу жана анын колдонулушун камсыз кылуу;
12) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте балдар иштери боюнча тергөөчүлөрдү, прокурорлорду, судьяларды жана адвокаттарды адистештирүү программасын иштеп чыгуу;
13) Бишкек шаарынын мэриясына:
– № 10 жалпы билим берүү мектебинин ишин Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобого жана Мектептин уставына ылайык келтирүү;
– БИК балдарды жүрүм-турумундагы кыйынчылыктарга байланыштуу белгилүү бир мектепке топтолушуна алып келген которуу практикасын токтотсун;
14) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына:
– жашы жете элек балдарды окуткан медреселердин жана диний окуу жайларынын бирдиктүү электрондук базасын түзүү;
– мамлекеттик билим берүү стандарттарын эске алуу менен медреселердин жана диний окуу жайларынын окуу пландарын Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен макулдашуу;
– медреселердин жана диний окуу жайларынын финансылык отчетторун мыйзамдарга ылайык унификациялоо;
15) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине:
– инвентаризацияны жүргүзүү жана аскер комиссариаттарынын эскилиги жеткен имараттарын реконструкциялоо жана тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;
– жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мезгилинде чакыруу комиссиясынын толук курамда иштешин камсыз кылуу;
– жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу учурунда чогултуу пункттарын мультипсихометрлер менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
16) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте:
– психиатриялык ооруканаларда жана ПССМде жаткан адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында шайлоо процессин мыйзамдарга так ылайык, анын ичинде медициналык мекемелерди, алардын катарында жабык типтегилерди шайлоо процесстерине даярдоонун укуктук жана уюштуруучулук механизмдерин жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу менен уюштуруу;
– психиатриялык ооруканалардын жана ПССМдин кызматкерлерин шайлоо процессин уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча окутуу.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка субъекттер жылдык баяндама боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматты ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына берүү милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) сунуштамалардын ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка субъекттер тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кезектеги жылдык баяндамасын киргизүүдө маалымат берсин.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 26-октябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8452 расмий сайтында жарыялынды
| Төрага | М.А. Маматалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021