Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
240-берене. Пайда салыгынын ставкасы
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 32-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача белгиленбесе, пайда салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
2. Алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам, калай камтыган кендерди, концентраттарды, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын казып алуу жана сатуу боюнча иштерге карата пайдага салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
3. Тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
4. Ата мекендик уюмдардын ири инвестициялардан түшкөн пайдасына карата салыктын ставкасы ушул бөлүмдө белгиленген критерийлерге шайкеш келген салык төлөөчүнүн салыктык мезгил ичинде алган пайдасына карата 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет жана төмөнкүлөрдөн алынган кирешелерге карата колдонулбайт:
1) пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды өндүрүүдөн жана сатуудан алынган пайданы, ошондой эле тоо-кен, байытуу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүштүн калдыктарын кайра иштетүүдөн түшкөн кирешени кошпогондо, пайдалуу кендерди казып алуудан;
2) соода ишин жүзөгө ашыруудан;
3) акциздик товарларды өндүрүүдөн жана сатуудан.
Салык төлөөчү ушул бөлүктө белгиленген салыктын ставкасын жаңы жабдууларды иштетүүдөн алынган биринчи пайданын салык мезгилинен кийинки салык мезгилинен тартып катары менен кийинки беш салык мезгилинин ар биринин жыйынтыгында алган пайдасына карата колдонууга укуктуу.
5. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…биринин жыйынтыгында алган пайдасына карата колдонууга укуктуу.
5. алынып салынды: Ушул бөлүмгө кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык алынып салынды: эсептелген, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага салыктын ставкасы 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Ушул бөлүктү колдонуу укугу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнчө эсеп жүргүзгөндө гана пайда болот.
кошулду: күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.10.2025 · № 243
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-240" title="240-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>