Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
197-берене. Киреше салыгынын ставкалары
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 25-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, киреше салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
2. Киреше салыгынын ставкасы жалданма жумушчулар үчүн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
1) преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштарда катталган жана ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр;
2) ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр;
3) имараттарды, жайларды, жер участокторун тейлөөнү жана кайтарууну камсыз кылган кызматкерлерди кошпогондо, Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденти жана дирекциясы;
31) программалык камсыз кылуу продуктуларын иштеп чыгуу, киргизүү жана техникалык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекемелер, ошондой эле 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдар;
4) I же II топтогу майыптыгы барлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан белгиленген угуу боюнча III топтогу майыптыгы барлар.
21. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн уюмдардын жалданма кызматкерлери жана жеке ишкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 1 пайыз өлчөмүндө 2030-жылдын 1-январына чейин белгиленет.
3. Салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзгөн жеке жактар үчүн жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн заказ кылуу үчүн колдонулуучу киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) 1 пайыз - 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп;
2) 2 пайыз - 2028-жылдын 1-январынан тартып 2029-жылдын 31-декабрын кошуп;
3) 5 пайыз - 2030-жылдын 1-январынан тартып.
4. Чет өлкөлүк жеке жак капиталдагы үлүшкө же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүнө 5 жылдан көп ээлик кылган учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жеке жактын капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн сатуудан түшкөн Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине 10 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча салык агентине салык салынууга тийиш.
Ушул Кодекстин 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, 240-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык салыктык жеңилдиктер берилген субъекттерге, ошондой эле Министрлер Кабинети менен салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган инвестициялык макулдашууну түзгөн субъектке карата ушул бөлүктө каралган алып салуу берилген салыктык жеңилдиктерди пайдалануу аяктаган датадан кийинки датадан башталган мезгилге жайылтылат."; (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденти жана дирекциясы;
кошулду: 31) программалык камсыз кылуу продуктуларын иштеп чыгуу, киргизүү жана техникалык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекемелер, ошондой эле 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдар;
4) I же II топтогу майыптыгы барлар, ошондой эле Кыргыз … , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 262 кошулду: 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-197" title="197-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>