Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
239-берене. Пайдага салык боюнча жеңилдиктер
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 31-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Төмөнкүлөрдүн пайдасы салык салуудан бошотулат:
1) кайрымдуулук уюмдары;
2) кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюмдар жана жеке ишкерлер. Бул коом, уюм жана жеке ишкерлердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
3) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;
4) айыл чарба кооперативдери;
5) кредиттик бирликтер - 2027-жылдын 1-январына чейин;
6) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза аткаруу тутумунун мекемелери;
7) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасында түзүлгөн бала бакчалар);
8) жеке менчик формасында түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары - 2030-жылдын 1-январына чейин;
9) машина-трактордук станция;
10) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясынын, газдын жана газ абалындагы кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун кайрадан түзүлгөн өндүрүүчүлөрүнө - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду эксплуатациялоого киргизген учурдан тартып 5 жылдын ичинде, мында эксплуатациялоого киргизүү 2030-жылдын 1-январынан кечиктирилбестен жүзөгө ашырылган шартта;
11) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору - 2030-жылдын 1-январына чейин;
12) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр.
13) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.
2. Пайдага салыктан төлөөдөн бошотуу салык төлөөчүнү пайдага салык боюнча маалымат берүү бөлүгүндө бирдиктүү салык декларациясын берүү милдетинен бошотпойт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз…Постановление · 13.04.2026 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана…Постановление · 03.06.2019 · № 263 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2020 · № 42 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №222 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна…Постановление · 07.04.2009 · № 222 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2008 · № 270 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-239" title="239-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>