Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын мейкиндик, убакыт жана адамдар чөйрөсү боюнча колдонулушу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2024 года № 136
1. Тиешелүү аймакта колдонулуучу жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.
2. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү бир жылда бир жолудан ашыкча эмес жүргүзүлөт, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болуу, карама-каршылыктарды жоюу же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер жок болгон учурларды кошпогондо, ал кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап күчүнө кирет.
Ушул бөлүк менен каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү Жогорку Кеңештин Регламенти менен белгиленген тартипте бирдиктүү ченемдик укуктук актыны түзүү жолу менен ишке ашырылат. Ушул бөлүктүн жоболору Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында ушул Кодекске өзгөртүүлөр киргизилген учурларга жайылтылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары артка карай колдонулушу мүмкүн, эгерде өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыда түздөн-түз каралып ал:
1) салыкты жокко чыгарса;
2) салыктын ставкаларынын өлчөмүн төмөндөтсө;
3) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун милдетинен бошотулса;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулса же жоопкерчилиги жеңилдетилсе;
5) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун укуктарын коргоонун кошумча кепилдиктери белгиленсе;
6) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун абалы башкача түрдө жакшыртылса.
4. Жаңы салыктарды белгилөөчү, салыктардын ставкаларынын өлчөмдөрүн жогорулатуучу, салыктык укуктарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын жаңы салык милдеттенмелерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары артка карай колдонулбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова демилгелеген "Кыргыз…Заключение · 25.11.2022 · № 762
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 627-т ("Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 16.11.2022 · № 627-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 589 ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз…Распоряжение · 13.11.2024 · № 589
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз…Постановление · 13.04.2026 · № 246
- Постановление Правительства КР от 4 января 1997 года №7 "О заключениях на проекты законов Кыргызской Республики "О статусе судов Кыргызской Республики" и "О статусе судей в…Постановление · 04.01.1997 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>