Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 16-ноябры № 627-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 627-т тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Мыйзамдын долбоорунда айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор катары эсептик каттоо мөөнөтүн 2024-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу сунушталат. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 редакциядагы Мыйзамынын 4-беренесинин 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датага чейин катталган жана айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор катары иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык 2022-жылдын 1-сентябрына чейин эсептик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Бул ченем салык төлөөдөн качкан айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөрдү жана алып сатарларды көмүскөдөн чыгарууга багытталган. Алсак, 2022-жылдын 1-сентябрынан кийин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн продукцияны сатып алгандар автоматтык түрдө салык агенти болуп калышат жана эгерде бул айыл чарба өндүрүүчүлөрү 2022-жылдын 1-сентябрына чейин эсептик каттоодон өтпөгөн учурда, аларга киреше салыгын кармап калуу милдети жүктөлөт. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун жалпысынан колдойт. Ошону менен бирге 2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан эсептик каттоо мөөнөттөрүн 2024-жылдын 1-январына чейин узартууну караган "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленгенин белгилейбиз. Көрсөтүлгөн мөөнөт коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүүнүн алкагында бизнес-коомчулук менен макулдашылган, бул Мыйзамдын долбоору жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизилет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү бир жылда бир жолудан ашыкча эмес жүргүзүлөт, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болуу, карама-каршылыктарды жоюу же ушул Кодекстин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечимдер кабыл алынган салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер жок болгон учурларды кошпогондо, ал кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 15-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте бирдиктүү ченемдик укуктук актыны түзүү жолу менен ишке ашырылат. Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдардын долбоорлорун бириктирүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Мыйзамдын долбоору расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кире турган мөөнөткө карата "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор катары эсепке алуучу каттоодон өтүү мөөнөтүн узартууну караган ченемдин күчүнө кириши 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып деп белгилөө сунушталганын белгилейбиз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4