Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова демилгелеген „Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу» Корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 762 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 358-беренесине роялти салыгын салуу бөлүгүндө өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Салык кодексинин ченемдерине ылайык роялти - пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана/же жер астындагы сууларды алуу (жер алдынан чыгаруу) максатында жер казынасын пайдалануу үчүн күнүмдүк төлөмдөр. Ошондой эле дүйнөлүк практикага ылайык жаратылыш ресурстарын казып алуу жана кендерди иштетүү укугу роялтиге салык болуп эсептелерин белгилейбиз. Жаратылыш ресурстары мамлекеттин менчиги болуп эсептелген өлкөлөрдө роялти мамлекеттин пайдалуу кендерине салык болуп саналат. Мисалы, Казакстан Республикасында пайдалуу кендерге роялти белгиленген, күтүлүүчү жана/же алынуучу запастардын көлөмүнө, кен чыккан жерлердин келечектүүлүгүн жана пайдалуу кендердин сапаттык мүнөздөмөсүн баалоого жараша казып алуу көлөмү (пайдалуу кендердин түрлөрү боюнча) боюнча эсептелет. Муну менен бирге пайдалуу кендердин айрым түрлөрү же аларды кайра иштетүү продуктулары даяр продукцияны өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана/же кызматтарды көрсөтүү үчүн компоненттер катары пайдаланылат. Мисалы: пайдалуу кендерге кирүүчү чопо жана акиташ цемент өндүрүү үчүн пайдаланылат, ал эми алкоголдук, алкоголсуз жана улуттук суусундуктарды өндүрүү үчүн ошондой эле пайдалуу кендерге кирүүчү жер астындагы суу пайдаланылат. Аталган суусундуктарды сатуунун көлөмдөрү да бул чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоодо эсепке алынбайт. Мындан тышкары кызматтарды көрсөтүү (мончо, сауна, бассейн ж.б.) жана техникалык муктаждыктар үчүн пайдаланууда жер астынан алынган суулардын көлөмү бул чегерүүлөргө кирбей калууда, ошол эле убакта жер астындагы сууларды сатуунун көлөмү эсептөө объекти болуп саналат, демек ишкердик субъекттерге карата бирдей мамиле кылуу принциби бузулууда. Ошондой эле салык салуунун адилеттүүлүгүн сактоо максатында роялти үчүн салыктык база пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынуучу сатылган продукциянын наркы болуп саналбай тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Буга байланыштуу Салык кодексине тактоочу оңдоолор киргизилген. Алсак, Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык роялти үчүн салыктык база болуп төмөнкүлөр саналат:
- пайдалуу кендерди сатуу учурунда - сатуудан түшкөн акча;
- пайдалуу кендерди кайра иштетүү учурунда - пайдалуу кендердин өздүк наркы.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 403-т тескемесине ылайык ушундай эле ченемдерди караган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин терс корутундусу жактырылган. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык гипске 6% өлчөмүндө өзүнчө ставка каралган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык негизин чыңдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Салык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык гипске ставка сыяктуу, пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган цементке 3% өлчөмүндө роялтинин ставкасын өзүнчө пункт менен белгилөө бөлүгүндө Салык кодексинин 359-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Ошентип, цемент өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер боюнча роялтини эсептөөнүн базасы болуп пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган цементти сатуудан түшкөн акча саналат. Сунушталган ченем роялтинин 2021-жылдын деңгээлинде түшүүсүн камсыздайт, анда пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган даяр продукцияны сатуудан салыктык базаны эсептөө боюнча мурдагы редакция колдонулган. Ошондой эле 2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленгенин белгилей кетүү зарыл, ал жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизилет. Ушуга байланыштуу Салык кодексинин 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү бир жылда бир жолудан ашыкча эмес жүргүзүлөт, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болуу, карама-каршылыктарды жоюу же ушул Кодекстин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечимдер кабыл алынган салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер жок болгон учурларды кошпогондо, ал кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап күчүнө кирерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген корутундуну эске алуу менен бул Мыйзамдардын долбоорлорун бириктирүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 403-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М. Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым…Распоряжение · 28.07.2022 · № 403-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова демилгелеген "Кыргыз…Распоряжение · 25.11.2022 · № 762
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90