Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
145-берене. Салык кызматынын органдарынын салык салынуучу объекттерди каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 17-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 185
1. Салык кызматынын органдары жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүдөй маалымат алмашуу максатында маалымат тутумдары аркылуу өз ара аракеттенишет:
1) мүлк жөнүндө - катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу объекттери, алардын параметрлери жөнүндө;
2) мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө;
3) мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө;
4) катталган же каттоодон чыгарылган транспорт каражаттары, алардын параметрлери жана менчик ээлери жөнүндө.
Көрсөтүлгөн органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн, маалымат алмашуусунун, маалыматка жол берүүнүн жана маалымат тутумдарын интеграциялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар маалымат тутумдары интеграцияланбаган учурда менчик укугун же салык салуу объектисин мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты өзү жайгашкан жердеги салык органына ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбеген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты маалымат тутумунда текшерүүгө;
- мүлк салыгы боюнча 5 же андан көп эсептик көрсөткүчтөн ашкан салык карызы болсо, салык карызы жоюлганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон баш тартууга.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү, ошондой эле банкрот деп таанылган (жарыяланган) субъекттердин кыймылсыз мүлкүнө укуктарын каттоодо жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алуу талап кылынбайт.
4. Салык кызматынын органдары укуктардын салык салынуучу объекттерге өтүшүнө байланышкан бүтүмдөрдү, анын ичинде нотариалдык бүтүмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын фонддук биржасындагы бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу башка органдар менен өз ара аракеттенет. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдар өздөрүнүн маалыматтык тутумдарын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен интеграциялоого жана/же өзү жайгашкан жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берип турууга милдеттүү. Маалыматтык тутумдарды интеграциялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнүндө;
3) мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги кошулду: жөнүндө;
4) катталган же каттоодон чыгарылган транспорт каражаттары, алардын параметрлери жана менчик ээлери жөнүндө.
Көрсөтүлгөн органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн, маалымат … мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодо алынып салынды: жана транспорт каражаттарын каттоодо 1-бөлүктө кошулду: ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн алынып салынды: органдар кошулду: орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же … жоюлганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон алынып салынды: жана транспорт каражаттарын каттоодон баш тартууга.
алынып салынды: Банкрот кошулду: Мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү, ошондой эле банкрот деп таанылган (жарыяланган) субъекттердин кыймылсыз алынып салынды: мүлккө кошулду: мүлкүнө укуктарын алынып салынды: каттоодо жана транспорт каражаттарын каттоодо жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алуу талап кылынбайт.
4. … № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № алынып салынды: 37 кошулду: 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 04.03.2022 · № 106
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер…Правила · 06.10.2025 · № 10-1/268
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241…Приказ · 20.08.2026 · № 10-1/241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрели № 278 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 23.04.2026 · № 278
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.02.2024 · № 31
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-145" title="145-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>