Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
128-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен жүзөгө ашырылуучу эсептешүү ККМ милдеттүү түрдө колдонуу жана кагаз жүзүндө жана/же автоматтык эсептөө үчүн жарактуу электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан, же болбосо жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге ылайык ККМ колдонбостон, эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.
2. Субъекттер калк менен эсептешүүдө ККМ реестрине киргизилген аппараттык ККМ же программалык ККМ пайдаланууга милдеттүү.
3. Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү бекитет:
1) ККМ карата техникалык корутундуну берүү жана ККМ реестрин түзүү тартибин;
2) ККМ техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарды;
3) ККМ каттоо, колдонуу тартибин, пайдалануунун типтүү эрежелерин жана киргизүүнүн мөөнөттөрүн.
4. ККМ карата техникалык талаптар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
5. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, ККМ байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМ реестрине киргизилет жана андан чыгарылат.
Техникалык корутунду ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген техникалык талаптарга ККМ шайкештигин/шайкеш эместигин ырастоочу документ болуп саналат. 5-1. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин маалымат тутуму ККМге теңештирилет жана ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн техникалык корутундусуз ККМ реестрине киргизилет. 5-2. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген фискалдык программалык камсыздоо ККМге теңештирилет.
6. Экономикалык ишти жүргүзүү үчүн аянтты, анын ичинде базарларда (кичи базарларда) жана соода борборлорунда жана үйлөрдө соода орундарын ижарага берген субъект ижара келишиминде контролдук-кассалык машинаны пайдаланууга милдеттүү ижарачыда ККМ бар болгондугу тууралуу талапты белгилөөгө милдеттүү, аны аткарбоо мындай келишимди бир тараптуу бузууга алып келет.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ККМ шайкештигин/шайкеш эместигин ырастоочу документ болуп саналат.
алынып салынды: 51. кошулду: 5-1. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан алынып салынды: колдонулуучу маалымат тутуму жана кошулду: колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы алынып салынды: аныктаган кошулду: тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин маалымат тутуму ККМге теңештирилет жана ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн техникалык корутундусуз ККМ реестрине киргизилет.
5-2. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген фискалдык программалык камсыздоо ККМге алынып салынды: теңештирилет жана ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн техникалык корутундусуз ККМ реестрине киргизилет.
кошулду: теңештирилет.
6. Экономикалык ишти жүргүзүү үчүн аянтты, анын ичинде базарларда … 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 08-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2022 · № 193
- Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна)Порядок · 24.02.2022 · № 95
- Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна)Требования · 24.06.2020 · № 356
- Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата ТАЛАПТАР (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтому менен…Требования · 08.04.2022 · № 193
- 1-тиркеме Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген)Порядок · 08.04.2022 · № 193
- Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Порядок · 08.04.2022 · № 193
- Фискалдык маалыматтардын операторуна карата ТАЛАПТАР (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген)Требования · 08.04.2022 · № 193
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 92-т (Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 13.03.2024 · № 92-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 16.12.2022 · № 705
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун ТИПТҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген)Правила · 08.04.2022 · № 193
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №193 токтомуПостановление · 08.04.2022 · № 193
- КР Министрлер Кабинетинин 16.12.22 ж. №705 токтомуПостановление · 16.12.2022 · № 705
- КР Министрлер Кабинетинин 27.02.24-ж. № 83 токтомуПостановление · 27.02.2024 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз…Постановление · 27.02.2024 · № 83 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-128" title="128-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>