Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-марты № 92-т Контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасында салыктык башкарууну жакшыртуу, ошондой эле машина курууда импортту алмаштыруучу өндүрүштү андан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому менен анын туунду ишканасы - "Кыргызэлектроника" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - "Кыргызэлектроника" ЖЧК) тарабынан "Кыргызиндустрия" акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүүгө тиешелүү бюджеттик ассигнованиенин эсебинен программалык ККМ (мындан ары - ККМ түзүлүшү) орнотуу үчүн арналган ичинде чек чыгаруучу принтери жана операциялык системасы бар 32000 (отуз эки миң) электрондук түзүлүштү чогултууга жана жеткирүүгө келишим түзсүн.
2. "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызэлектроника" ЖЧК өндүрүштүк базасында ККМ түзүлүштөрүн чогултууну, ошондой эле ККМдин бул түзүлүштөрүн кепилденген жана кепилденгенден кийинки тейлөөнү уюштуруу;
- "Кыргызэлектроника" ЖЧК чыгарган 32000 (отуз эки миң) ККМ түзүлүштөрүн 266681000 (эки жүз алтымыш алты миллион алты жүз сексен бир миң) сом суммасына 2024-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда каралган келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын дарегине жеткирүү;
- өзүнүн уставдык капиталын 3319000 (үч миллион үч жүз он тогуз миң) сом суммасына толуктоо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына ККМ түзүлүштөрүн жеткирүүдөн түшкөн бюджеттик ассигнованиени эсептен чыгаруу менен);
- "Кыргызэлектроника" ЖЧК 32000 (отуз эки миң) ККМ түзүлүштөрүн жеткирүүнү жүзөгө ашырганга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимине ылайык импортко уруксат берүүчү тиешелүү документтерди алуу жол-жоболорун аяктоо.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- ушул тескеменин 2-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык келип түшкөн ККМ түзүлүштөрүн балансына кабыл алсын;
- бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3