Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
129-берене. ККМ колдонууга карата талаптар
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Ушул Кодекске ылайык ККМ колдонуу менен иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) ишин жүзөгө ашырып баштаганга чейин ККМ тейлөөгө коюу жана каттоо;
2) ККМ ички механизмдерине жана программалык башкаруусуна санкцияланбаган кирүүнү болтурбоо;
3) ККМ колдонуунун типтүү эрежелерине ылайык ККМ колдонуу;
4) салык органдарынын кызмат адамдарынын ККМ колдонуунун тартибинин сакталышын контролдоодо ККМ жана кассалык орунга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу;
5) ККМ оң абалда кармоо жана ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтардын берилишин, ошондой эле ККМ операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;
6) сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүп жаткан жеринде жана учурунда ККМ колдонуу;
7) сатылуучу товарлардын баасын же көрсөтүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштыруу, алар жарыяланган бааларды жана/же тарифтерди ырастаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;
8) ККМди каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана оңдоо учурларында салык органдарынын кызмат адамдарынын жана техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.
2. ККМ колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана/же тарифтерди ырастаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;
8) алынып салынды: ККМ кошулду: ККМди каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана оңдоо алынып салынды: учурунда ККМ кошулду: учурларында салык органдарынын кызмат адамдарынын жана техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине алынып салынды: жеткиликтүүлүктү кошулду: ККМге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча … 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна)Порядок · 24.02.2022 · № 95
- Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна)Порядок · 24.02.2022 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- КР Министрлер Кабинетинин 27.02.24-ж. № 83 токтомуПостановление · 27.02.2024 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз…Постановление · 27.02.2024 · № 83 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-129" title="129-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>