Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
114-берене. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 12-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
1) уюм жана жеке ишкер үчүн:
а) обочолонгон бөлүм жайгашкан жер боюнча салык органында - обочолонгон бөлүмчө пайда болгондо;
б) салык салуу объекти жайгашкан жер боюнча салык органында - салык төлөөчүдө салык салуу объекти келген учурда;
в) (КР 2024-жылдын 2-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда каралган учурларга кошумча ишин патенттин негизинде жүргүзүүчү жеке ишкерлер үчүн - эгерде ал учурдагы салыктык каттоочу жерден тышкары турса, ишин жүзөгө ашырган жер боюнча;
3) жеке жактар үчүн - салык салуу объекттери турган жана/же катталган жер боюнча салык кызматынын органында;
4) патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашырып жаткан жеке жактар үчүн - эгерде ал учурдагы салыктык эсепке алган жерден тышкары болсо, ишин жүзөгө ашырып жаткан жери боюнча салык кызматынын органында.
2. Кыймылсыз мүлк, анын ичинде жерлер үчүн ушул берененин максаттарында салык салуу объектисинин жайгашкан жери болуп алардын иш жүзүндө жайгашкан жери саналат.
3. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;
2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн, салык салуу объекттерин эсепке алууну жана/же каттоону жүзөгө ашырган органдар тарабынан берилген маалыматтын.
3) жеке жактын патент алуу фактысынын.
4. Уюм же жеке ишкер обочолонгон бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча салык органына анын иши башталганга чейин эсептик каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкерди же жеке жакты эсептик каттоо тиешелүү аймакта патент алууда эсептик каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
5. Эсептик каттоо салык төлөчүнүн мурда ыйгарылган ИСН өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.
Обочолонгон бөлүмдү, салык салуу объектин эсептик каттоодо салык төлөөчү арызында салыктык каттоодо ага ыйгарылган ИСН көрсөтөт.
6. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде;
2) салык салуу объекттерин эсепке алууну жана/же каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтар келип түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде.
7. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу боюнча маалыматтары салык төлөөчүнүн каттоо картасында чагылдырылат.
8. Эсептик каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 04.03.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 16.12.2022 · № 705
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №106 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.05.2023 · № 281
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрели № 278 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 23.04.2026 · № 278
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Башка маалымат булактарынан салык кызматынын органдары тарабынан алынган документалдык маалыматтарын жана мүлк объектилерин…Порядок · 19.03.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо" АРТИБИПорядок · 19.03.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №106 токтомуПостановление · 04.03.2022 · № 106
- КР Министрлер Кабинетинин 16.12.22 ж. №705 токтомуПостановление · 16.12.2022 · № 705
- КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №281 токтомуПостановление · 29.05.2023 · № 281
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 17.12.2021 · № 314 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.02.2024 · № 31
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-114" title="114-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>