КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 625 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 702 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · 25.11.2016 · № 625 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · 27.12.2016 · № 702 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · Күчүн жоготкон