Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо» АРТИБИ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 токтому менен бекитилген
Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жобо
2-глава. Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок
4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо тартиби
3-глава. Мүлк объектилерин иликтөө тартиби
1-глава. Жалпы жобо
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 325-беренесине ылайык иштелип чыккан (мындан ары - Салык кодекси) жана ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо тартибин бекитет.
2-глава. Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо тартиби
2. Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечими менен түзүлгөн комиссиянын чечими менен аныкталат.
3. Комиссиянын курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоо боюнча мамлекеттик органынын жана салык кызматынын аймактык органдарынын ыйгарым өкүлдөрү киришет.
Комиссиянын усулдук, уюштуруучулук жана башка иштерин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жүргүзөт.
4. Мүлк объектилеринин 4-тобунун ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок фактылар пайда болгон учурда салык кызматынын аймактык органы анын учеттук баасын аныктоо үчүн комиссияга кат менен кайрылуусу керек.
5. 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо жыйынтыгы салык кызматынын аймактык салык органдарына жана ошондой эле мүлк объектинин факт түрүндө колдонулушуна карай өткөрүлүп берилүүчү мүлк объекти боюнча салык милдеттеринин суммаларын аныктоо үчүн ченөө жыйынтыгы, акт түрүндө үч нускада түзүлөт.
6. Комиссиянын акты түзүлгөн күндөн тартып мүлк объекти боюнча салык милдеттерин эсептөөгө же кайра эсептөөгө жатат.
7. Өз милдеттерин толук жана так аткарбагандыгы, аракетсиздиги жана мыйзамга ылайыксыз иштерди жасагандыгы үчүн комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жооп берет.
8. Салык төлөөчүлөр төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) комиссия мүчөлөрүн атайын аймактын ичине жана административдик, өндүрүштүк, складдык жана башка жайларга киргизүүгө;
2) мүлк объекти менен байланышкан баштапкы оозеки документтерди, маалыматтарды, аныктамаларды, түшүндүрмөлөрдү берүүгө.
9. Эгер салык төлөөчү мыйзамсыз түрдө комиссиянын ишине кандайдыр бир тоскоолдуктарды келтире турган болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликтерди тартат.
3-глава. Мүлк объектилерин иликтөө тартиби
10. Текшерүү жүргүзүүчү салык органынын жооптуу адамы Салык кодексинин 114-беренесине ылайык мүлк салыгы боюнча салык төлөөчүнүн салык милдетин туура аныкталышын текшерүүнүн жетишерлиги үчүн маанилүү болгон учурларды тактоо максатында, мүлктүк жана документалдык текшерүү жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчүнүн аймагын жана имаратын изилдөө жүргүзүүгө укуктуу.
11. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан объекттин ээси болуп саналган салык төлөөчү текшерүү жүргүзүү процессине катышса болот.
12. Ыйгарым укуктуу салык органдары тарабынан белгиленген учурларда фото жана кино съемкаларды жасоо, видео жаздыруу, тийиштүү документтердин көчүрмөсүн чыгаруу жүргүзүлөт.
13. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы изилдөө акты менен толтурулат же текшерүү материалдарында көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон