Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 117
1. Төмөнкү учурларда кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон иш кыскартылууга жатат:
1) кылмыш окуясы болбогондо;
2) жосунда кылмыш курамы болбогондо;
3) кылмыш-жаза мыйзамынын күчүнөн улам, залал келтирген жосун укук чегинде болгондо: зарыл коргонуу; аргасыз зарылдык; күчтөп же психикалык мажбурлоо; кылмыш жасаган адамды кармоо; кызмат орду боюнча мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди аткаруу; негиздүү тобокелчилик; атайын тапшырманы аткаруу;
4) ушул Кодексте каралган учурларда жабырлануучунун арызы жок болгондо;
5) соттун, адамга карата ошол эле айыптоо боюнча күчүнө кирген мыйзамдуу өкүмү же болбосо соттун кылмыш куугунтугунун мүмкүн эместигин белгилеген жокко чыгарылбаган башка чечими болсо;
6) тергөөчүнүн, прокурордун жакка карата ошол эле жосун боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө жокко чыгарылбаган токтому болсо;
7) каза болгонду реабилитациялоо же башка адамдарга карата ошондой эле ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган учурларда ишти тергөө үчүн өндүрүш зарыл болгон учурларды кошпогондо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу учурунда каза болгон адамга карата;
8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;
9) Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунан улам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жаткан жакка карата;
91) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же болбосо тескөөнүн мыйзамдуулугуна тийиштүү жосундарды жасаган деп шектелип же болбосо айыпталып жаткан адамга карата;
10) жосундун декриминалдашуусуна байланыштуу;
11) эгерде ал жасалган жосун үчүн жаза колдонууну жокко чыгарса мунапыс актысынын натыйжасында;
12) кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенде;
13) жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) ушул Кодекстин 58-главасына ылайык жана Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинде каралган тартипте жабырлануучу айыпталуучу менен, анын ичинде медиатордун жардамы менен макулдашууга жетишкенде;
14) соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда.
2. Ушул Кодекстин 467-беренесинде каралган учурларда балага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон кылмыш иши кыскартылууга жатат.
3. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар соттук териштирүүнүн маалында аныкталса, сот ишти териштирүүнү аягына чейин жеткирет жана актоо өкүмүн чыгарат.
4. Эгерде айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албаса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 10-12-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш улантыла берет жана ага негиздер болгондо актоо өкүмүн же соттолгон адамды жазаны өтөөдөн бошоткон айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт.
41. Эгерде кылмыш аркылуу келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт.
5. Эгерде айыпталуучу буга каршы болсо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш улантыла берет жана ага негиздер болгондо актоо өкүмүн же айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча төмөнкү учурларда ишти кыскартууга жол берилбейт:
1) ушул Кодекстин 155-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык козголгон кылмыш иштери боюнча;
2) эгерде адам уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасаса;
3) Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык козголгон кылмыш иштери боюнча.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8, 10 жана 14-пункттарында жана 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар реабилитациялоочу болуп эсептелет.
7. Эгерде айыпталуучунун күнөөсүн аныктоо жөнүндө сот актысы башка сот өндүрүшү тартибинде каралууга тийиш болгон маселелерди чечүү үчүн, анын ичинде ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра баштоого негиз катары зарыл болсо реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш ишин кыскартууга жол берилбейт, ал эми көрсөтүлгөн негиздер менен кыскартылган иш кайра башталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122, 2023-жылдын 2-августундагы № 151, 2024-жылдын 16-февралындагы № 50, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259, 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 февраля 2024 года № 50 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 2 августа 2023 года № 151 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Джалал-Абад областынын Сузак райондук сотунун судьясы Ж.Ж. Сабырованын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун…Конституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 28.12.2022
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөЗакон · 06.06.2023 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>