260-берене. Кыскартылган кылмыш ишин кайра баштоо
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 35-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2026 года № 148
1. Кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылганда кыскартылган иш боюнча өндүрүш прокурордун токтому менен кайра башталат.
2. Ушул Кодекстин 27-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кыскартылган иш боюнча өндүрүштү кайра баштоо адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтүнүн эскириши аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
3. Иш боюнча өндүрүштүн кайра башталганы жөнүндө шектүү, айыпталуучу, алардын адвокаты, жабырлануучу жана анын өкүлү, ошондой эле алардын арызы боюнча иш козголгон адам же уюм кабарлоону жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландырылат.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган кыскартылган иш боюнча өндүрүштү прокурордун кайра баштоосуна жол берилбейт.
(КР 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 73, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
260-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 апреля 2024 года № 73 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-260" title="260-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>