132-берене. Реабилитациялоо укугунун келип чыгышынын негиздери
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 17-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 2 августа 2023 года № 151
1. Реабилитациялоо укугу өзүнө мүлктүк зыяндын ордун толтуруу укугун, моралдык залалдын кесепеттерин жоюуну жана эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктардын калыбына келтирилишин камтыйт. Адамга кылмыш куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду, алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан, мамлекет тарабынан толук көлөмдө толтурулат.
2. Реабилитациялоо укугуна, анын ичинде кылмыш куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуруу укугуна төмөнкүлөр ээ:
1) ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү бар акталган адам;
2) аларга карата кылмыш куугунтугу ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8, 10 жана 14-пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылган шектүү, айыпталуучу;
3) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адам, - ушул чараны колдонуу жөнүндө соттун мыйзамсыз же негизсиз токтому жокко чыгарылган учурда.
3. Адам өлгөн учурда реабилитациялоо укугу мыйзамда белгиленген тартипте анын мураскорлоруна өтөт, ал эми төлөп берүү токтотулган пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуу бөлүгүндөгү укук - багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген үй-бүлө мүчөлөрүнө өтөт.
4. Ушул берененин эрежелери эскирүү мөөнөтү өткөндө, жабырлануучунун жеке-ачык айыпты колдоодон баш тартканында жана (же) жабырлануучу менен жарашканда, кылмыш жоопкерчилигин тартуучу куракка толбогондугуна байланыштуу адамга карата колдонулган кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары же коюлган айыптоо өкүмү жокко чыгарылганда же өзгөртүлгөндө, же болбосо жосундун кылмыштуулугун же жазалуулугун жокко чыгарган мыйзам кабыл алынган учурларда жайылтылбайт.
5. Эгерде адам сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өзүн-өзү айыптоо жолу менен ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыгышына өбөлгө болгон учурда келтирилген зыяндын орду толтурулбайт. Бирок, зомбулуктун, коркутуунун жана башка мыйзамсыз чаралардын колдонулушунан келип чыккан өзүн-өзү айыптоо зыяндын ордун толтурууга жолтоо болбойт. Мында мыйзамсыз чараларды колдонуу фактысы соттун айыптоочу өкүмү менен белгиленүүгө тийиш.
(КР 2023-жылдын 2-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
132-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 2 августа 2023 года № 151 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылмыш куугунтугу ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6, алынып салынды: 8 кошулду: 8, 10 жана алынып салынды: 10-пункттарында кошулду: 14-пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылган шектүү, айыпталуучу;
3) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адам, алынып салынды: – кошулду: - ушул чараны колдонуу жөнүндө соттун мыйзамсыз же негизсиз токтому … токтотулган пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуу бөлүгүндөгү укук алынып салынды: – кошулду: - багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу … колдонуу фактысы соттун айыптоочу өкүмү менен белгиленүүгө тийиш.
кошулду: (КР 2023-жылдын 2-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-132" title="132-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>