Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-февралы № 50
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 58-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Ушул Кодекстин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 137-беренесинде, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 4-бөлүгүндө, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 4-бөлүгүндө, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 3-бөлүгүндө, 158-беренесинде, 159-беренесинин 3-бөлүгүндө, 160-беренесинин 2-бөлүгүндө, 162-беренесинде, 209-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 210-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 215-беренесинин 3-бөлүгүндө, 252, 331, 336, 402, 403, 404, 405, 406, 407, 408, 409, 410, 411, 414-беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын: "41. Эгерде кылмыш аркылуу келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 28-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- В. В. Тепляковдун кайрылуусуна байланыштуу 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 “Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз…Конституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 02.07.2025
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- В. В. Тепляковдун кайрылуусуна байланыштуу 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 “Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз…Решение Конституционного суда · 02.07.2025
Шилтеме берет (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон