Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
167-берене. Тергөө маалыматтарынын ачыкка чыгарылышына жол бербөө
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 28
1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар кылмыш иши боюнча териштирүү аяктаганга чейин ачыкка чыгарылууга, анын ичинде алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура органдарынын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.
2. Тергөөчү, прокурор күбөнү, жабырлануучуну, адвокатты, экспертти, адисти, котормочуну жана тергөө аракеттеринин өндүрүшүнө катышып жаткан башка жактарды тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруунун жол берилбестиги жөнүндө эскертет жана Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан колкат алууга укуктуу.
Колкат тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу кылмышты териштирүүнүн жыйынтыктарына терc таасирин тийгизет деп эсептөөгө негиздер болгон учурларда гана, жарыяланышы аларды жоготууга, шектүү же айыпталуучу тарабынан аларды жок кылуу үчүн шарттардын түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон иш боюнча чогултулган далилдерди коргоо максатында алынат, бул шектүүнүн же айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашырынуусуна, тергөөгө башкача жол менен тоскоолдук кылуусуна мүмкүндүк берет, колкат ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн мыйзам менен корголуучу сырларын, кадыр-баркын, ар-намысын жана ишмердик аброюн коргоо жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл учурда алынат. Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат алуунун зарылдыгы тууралуу тергөөчү жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.
3. Эгерде ачыкка чыгаруу тергөөнүн кызыкчылыктарына каршы келбесе жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга байланышпаса, тергөөнүн маалыматтары тергөөчүнүн же прокурордун уруксаты менен жана алар жол берген көлөмдө гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
Тергөөчүнүн же прокурордун уруксаты менен сурактын, беттештирүүлөрдүн убагында берилген суроолордун жана алардын жоопторунун мазмуну, алардын жүрүшүндө адамга жасалган кылмыштын жагдайлары белгилүү болгон башка тергөө аракеттеринин мазмуну ачыкка чыгарылышы мүмкүн, буга тергөөнүн тактикасын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларына карата көрүлүүчү коопсуздук чараларын ачыкка чыгаруу кирбейт.
4. Ушул Кодекстин 291-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салуу төмөнкү маалыматтарга жайылтылбайт:
1) кылмыш жасоо фактысы жөнүндө;
2) кылмыш ишин козгоо жөнүндө;
3) кылмыш жасаганга шектүү адамды кармоо жана бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө;
4) айып коюу жөнүндө;
5) тергөөнүн аяктагандыгы жана айыптоо актысынын түзүлгөндүгү, иштин кыскартылгандыгы же болбосо токтотулуп тургандыгы жөнүндө;
6) иш боюнча, анын ичинде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттик жана эл аралык органдарга берилүүчү өтүнүчтөрдө, арыздарда жана даттанууларда камтылган кылмыш ишинин материалдарынан алынган маалыматтар;
7) мамлекеттик бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамды, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу фактылары жөнүндө;
8) айкындалган, анын ичинде тергөөчү же прокурор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына же башка ачык-айрым ыкма менен жайылтылган маалыматтар.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон сотко чейинки өндүрүштүн катышуучуларынын, анын ичинде айыпталуучунун жеке турмушу жөнүндө маалыматтар өзгөчө учурларда, маалыматка тиешеси бар адамдын макулдугу болсо, эгерде бул анын кызыкчылыктарына жооп берсе, үчүнчү жактарга же жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарланышы мүмкүн. Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат талап кылынган адам тергөөчүдөн же прокурордон ачыкка чыгарууга укугу жок маалыматты конкреттештирүүнү талап кылууга укуктуу. Тергөөчү ачыкка чыгарылбай турган маалыматты жазуу жүзүндө конкреттештирүүгө милдеттүү. Жогоруда аталган маалыматтар ачыкка чыгарылган учурда, эгер бул кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, башка жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуп жатса, ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыктарына каршы келсе, тергөөчүдөн же прокурордон берилген маалыматты конкреттештирүүнү талап кылууга тыюу салынат.
5. Мамлекеттик сырларга байланыштуу иштер боюнча өндүрүштө коргоочу же өкүл катары катышуучу адвокатка ага адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө жана аларды ачыкка чыгарган учурда ал жоопкерчиликке тартылары жөнүндө иш өндүрүшүндө турган адам эскертет. Ушуну менен бирге, адвокат мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу милдеттенме берет. Мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтар так аныкталууга жана жашыруун эмес материалдардан обочолонуп турууга тийиш.
Эскертүү. Бул беренеде тергөө маалыматтары деп сурактын, беттештирүүлөрдүн убагында берилген суроолордун жана алардын жоопторунун мазмуну, тергөө аракеттеринин жүрүшүндө адамга жасалган кылмыштын жагдайлары белгилүү болгон башка тергөө аракеттеринин мазмуну түшүнүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Решение Конституционного суда Кыргызской Республики от 8 июня 2022 года 03-р по делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 167 Уголовнопроцессуального кодекса…Сот практикасы · Решение · 08.06.2022 · № 03-р
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Решение Конституционного суда Кыргызской Республики от 8 июня 2022 года 03-р по делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 167 Уголовнопроцессуального кодекса…Решение · 08.06.2022 · № 03-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-167" title="167-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>