40-берене. Жабырлануучу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 5-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2024 года № 160
1. Кылмыштан дене-боюна, моралдык зыян жана (же) материалдык залал келтирилген жеке жак жабырлануучу болуп саналат.
Кылмыштан мүлктүк зыян келтирилген юридикалык жак жабырлануучу деп таанылышы мүмкүн. Бул учурда жабырлануучунун укуктарын жана милдеттерин юридикалык жактын өкүлү жүзөгө ашырат.
2. Жеке же юридикалык жакта жабырлануучунун укуктары жана милдеттери жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом чыккан учурдан тартып келип чыгат.
Эгерде кылмыштын натыйжасында адам өлүмгө учураса же адам арыз бере албай турган абалда болсо, аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берген жакын туугандарынын ичинен бир адам, жубайы жабырлануучу деп таанылат, ал эми бир нече арыз болгондо - бир нече адам жабырлануучу катары таанылышы мүмкүн. Арыз бере албай турган абалда тургандан кийин адам өзүнүн укугунан пайдалана алат жана ал аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бере алат. Эгерде адам өзүнө карата кылмыш жасалганы жөнүндө арыз бербесе же өзүн жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бербесе, анда тергөөчү, сот анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ал адамды жабырлануучу деп таануусу мүмкүн. Мындай макулдук болбосо, ал адам зарыл болгон учурда күбө катары тартылат.
3. Тергөөчү, сот кылмыш жасалганы жөнүндө арызды же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арызды алган учурдан тартып адамды жабырлануучу деп таанууга милдеттүү.
Кылмыш жасалганы жөнүндө арыз же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз материалдык залал жана (же) моралдык зыян келтирилбеген адам тарабынан берилген деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү, сот жабырлануучу деп таануудан баш тартуу тууралуу токтом чыгарат, ал прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Жабырлануучунун төмөнкүлөргө укугу бар:
1) айыпталуучуга коюлган айыптын маңызын билүүгө;
2) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтмө берүүгө;
3) далилдерди келтирүүгө;
4) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;
5) котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;
51) эгерде көзү азиз болсо, ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;
6) өкүлүнө ээ болууга;
7) мыйзамда каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;
8) медициналык мекемеде күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;
9) анын өтүнүчү же болбосо анын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;
10) анын катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга жана аларга карата пикирин билүүгө;
11) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо, кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;
12) өзүн жабырлануучу деп таануу жөнүндө, кылмыш куугунтугун кыскартуу жөнүндө токтомдордун, айыптоо актысынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле соттук чечимдердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) сотко катышууга;
14) соттук жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөгө, айыптоону колдоого;
15) соттук отурумдун протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин берүүгө;
16) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;
17) соттун чечимдерине даттанууга;
18) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштамалар жөнүндө кабардар болууга жана аларга каршы пикирин берүүгө;
19) даттанууларды жана сунуштамаларды сотто кароого катышууга;
20) мыйзамда белгиленген учурларда кылмыш менен келтирилген залалдын ордуна мамлекеттин эсебинен компенсация алууга;
21) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө буюм далили катары же башка негиздер боюнча андан алынып коюлган, кылмыш жасаган адамдан алынган мүлкүн, өзүнө таандык расмий документтердин түп нускасын кайтарып алууга;
22) шектүүдөн, айыпталуучудан, соттолгондон кылмыш менен келтирилген мүлктүк залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга;
23) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жарашууга.
5. Жабырлануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;
2) көрсөтмө берүүгө, иш боюнча бардык ага белгилүү болгондорду туура айтып берүүгө;
3) өзүндө болгон буюмдарды, документтерди, ошондой эле үлгүлөрдү салыштырып изилдөө үчүн берүүгө;
4) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;
5) эгерде ал бул тууралуу ушул Кодекстин 167-беренесинде белгиленген тартипте алдын ала эскертилсе, иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар туурасында маалыматтарды ачык жарыялабоого;
6) процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында ушул Кодексте белгиленген тартипти сактоого;
7) тергөөчү же сот тарабынан жөнөтүлгөндө, медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга.
6. Жабырлануучу чакыртуу боюнча жүйөлүү себепсиз келбей койгондо ал мажбурлоо жолу менен келтирилет.
7. Көрсөтмө берүүдөн баш тартканы же качканы жана алдын ала билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жабырлануучу Кылмыш-жаза кодексинин 364, 365-беренелеринде каралган жоопкерчиликти тартат.
8. Жабырлануучу өзүнө же өзүнүн туугандарына, жубайына каршы көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.
9. Ишке жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн жана өкүлүнүн катышуусу, аны ушул беренеде каралган укуктардан ажыратпайт.
10. Жабырлануучуга шектүүнүн, айыпталуучунун жана соттолгондун эсебинен материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу мүмкүн болбогон учурда, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталган тартипте адистештирилген фонддун эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…же өзү билген тилде көрсөтмө берүүгө;
3) далилдерди келтирүүгө;
4) алынып салынды: өтүнүч кошулду: өтүнүчтөрдү жана алынып салынды: четтетүү кошулду: четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;
5) котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;
51) … фонддун эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № алынып салынды: 160 Мыйзамынын кошулду: 160, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>