Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
291-берене. Соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана жабык соттук териштирүүдө соттук отурумдун залында болуу тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 41-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204
1. Мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтардын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган башка учурларда, сот ишти ачык соттук териштирүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. Жабык соттук териштирүүгө судьянын жүйөлөнгөн токтому, соттун аныктамасы боюнча төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) ишке катышуучу жактардын жашоосунун купуя жактары жөнүндө маалыматтарды же алардын ар-намысын жана беделин кемсинткен маалыматтарды жайылтпоо максатында инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жана башка кылмыштар жөнүндө иштер боюнча;
2) 16 жашка жетпеген курактагы балдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери каралган учурда;
3) процесстин катышуучуларынын, алардын жакын туугандарынын, жубайларынын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыктары муну талап кылган учурларда.
3. Жабык соттук отурумда ишти териштирүү сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Судьянын токтому, соттун ишти жабык отурумда териштирүү жөнүндө аныктамасы бардык териштирүүлөргө же анын тиешелүү бөлүгүнө карата чыгарылышы мүмкүн.
4. Кат алышуунун жана билдирүүлөрдүн сырларын коргоо максатында жарандардын жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган жеке кат алышуусу, телефондон сүйлөшүүлөрү, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрү ачык соттук отурумда ушул кат алышууга жана билдирүүгө катышкан адамдардын макулдугу менен гана жарыяланат. Тескерисинче болгондо, мындай кат алышуу жана билдирүү жабык соттук отурумда жарыяланат жана иликтенет. Аталган эрежелер жеке мүнөздөгү фотосүрөттөрдү, аудио жана (же) видеожазууларды иликтөөдө да колдонулат.
5. Ачык соттук отурумуна катышкан жактар аудио жазууну жана жазууну жүргүзүүгө укуктуу. Фотосүрөткө тартууга, видео жазууга соттук отурумга төрагалык кылуучунун уруксаты менен жол берилет.
6. 16 жашка чейинки курактагы бала, эгерде ал кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучусу болбосо, төрагалык кылуучунун уруксаты менен соттук отурумдун залына киргизилет.
7. Жабык соттук отурумда ишти териштирүүдө соттук отурумдун залына тараптар гана, ал эми зарыл учурларда котормочу же ассистент, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери киргизилет.
8. Ишти териштирүүнү жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө судьянын токтому, соттун аныктамасы чыгарылгандан жана жарыялангандан кийин соттук отурумга катышып отурган жана процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук отурумдун залынан чыгарылат, бул жөнүндө соттук отурумдун протоколунда көрсөтүлөт.
9. Эгерде сот ишти териштирүүнүн бир бөлүгүн жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алса, анда процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук териштирүүнүн ушул бөлүгүнө гана киргизилбейт.
10. Соттун өкүмү бардык учурларда ачык жарыяланат.
11. Судьянын токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде жабык соттук отурумда кылмыш ишин кароо учурунда өкүмдүн кириш жана корутунду бөлүктөрү гана жарыяланат.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
22.09.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…отурумдун залына тараптар гана, ал эми зарыл учурларда котормочу же алынып салынды: ассистент кошулду: ассистент, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери киргизилет.
8. Ишти териштирүүнү жабык соттук отурумда жүргүзүү … бөлүктөрү гана жарыяланат.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № алынып салынды: 160 Мыйзамынын кошулду: 160, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-291" title="291-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>