20-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда кызматчыларды которуу же жылдыруу.
2. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) кызматчылардын потенциалын сарамжал пайдалануу;
3) карьералык жүйөлөштүрүүнү жогорулатуу;
4) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу.
3. Ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин демилгеси же кызматчынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
4. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин Министрлер Кабинети аныктайт.
5. Ротациялоо бирдей кызмат орундарына же болбосо бир топтун чегинде жүргүзүлөт. Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруучулук түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.
6. Кызматчыны анын ден соолугунун абалы боюнча каршы көрсөтүлгөн кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.
7. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлүүчү ротациялоо 2 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
8. Ротациялоонун түрлөрү:
1) мамлекеттик органдын ичиндеги ротациялоо;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоо;
3) мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо;
5) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо.
9. Мамлекеттик органдардын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен (ведомстволор аралык) буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.
10. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.
11. Кызматчыларды ротациялоо тартибин Президент аныктайт.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5 - глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин жүйөлөштүрүү, тартиптик жоопкерчилик
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бирдей кызмат орундарына же болбосо бир топтун чегинде жүргүзүлөт. алынып салынды: Төмөн кошулду: Кызматчыны төмөн турган кызмат алынып салынды: ордуна кошулду: орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кошулду: кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруучулук түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.
6. Кызматчыны анын ден … ашырылат.
11. Кызматчыларды ротациялоо тартибин Президент аныктайт.
кошулду: (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5 - глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (30)
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону…Указ · 24.02.2022 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине Караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 16.10.2023 · № 277
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 31.05.2023 · № 293
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде…Приказ · 20.07.2023 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар…Приказ · 31.07.2023 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 23-августундагы № 3 "Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын Тизмесин бекитүү жөнүндө"…Приказ · 23.08.2023 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 01 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Коррупциянын келип…Приказ · 24.07.2023 · № 01
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагысынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 601 "Т.И. Бекташов, Б.С. Орозов жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 13.09.2022 · № 601
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 15-сентябры № 01-13-247 "Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приказ · 15.09.2025 · № 01-13-247
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 217-п "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон…Приказ · 14.09.2026 · № 217-п
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2026-жылдын 11-августундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентине…Приказ · 11.08.2026 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 14-сентябры № 1227/1 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар…Приказ · 14.09.2026 · № 1227/1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 475-т "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциянын келип чыгуу…Распоряжение · 09.09.2022 · № 475-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 695-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак…Распоряжение · 26.12.2022 · № 695-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 13-августундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 13.08.2026 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 131-нпа "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура…Приказ · 04.09.2026 · № 131-нпа
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана иновациялар министрлигинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана…Приказ · 23.07.2026 · № 499
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 22-октябры № 2-Д "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги…Приказ · 22.10.2026 · № 2-Д
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 285 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин…Приказ · 08.10.2025 · № 285
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 2-Д "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу…Приказ · 01.09.2023 · № 2-Д · Күчүн жоготкон
30 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-20" title="20-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>