Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 14-сентябры № 1227/1
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилерине:
1) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышсын жана Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнө беришсин;
2) коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана минималдаштыруу боюнча туруктуу ишти камсыз кылышсын.
3. Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнө:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган) жөнөтсүн;
3) үч айлык мөөнөттө Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 1152/1 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырамын.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет
| Министр | | Д.Ш. Кендирбаева |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин…Перечень · 14.09.2026 · № 1227/1
- Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 1152/1 “Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу…Приказ · 23.09.2025 · № 1152/1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында…Постановление · 08.04.2026 · № 232
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 31.05.2023 · № 293
- Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 1152/1 “Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу…Приказ · 23.09.2025 · № 1152/1 · Күчүн жоготкон