Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 20-июлундагы №236 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 8-октябры № 285
“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 20-июлундагы №236 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин системасындагы коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 20-июлундагы №236 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер келип чыгуучу учурлардын жана жагдайлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругуна тиркемеге өзгөртүүлөр киргизилсин жана Тизме ушул буйруктун тиркемесине ылайык жаңы редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жаңыланган Тизменин жоболорунун сакталышын жана туруктуу негизде ишке ашырылышын камсыз кылышсын.
3. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:
- үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгына жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган) жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр
А.Т. Сыргабаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин…Приказ · 08.09.2026 · № 287
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын…Перечень · 20.07.2023 · № 236
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде…Приказ · 20.07.2023 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 31.05.2023 · № 293