19-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыны жана муниципалдык кызматчыны кесиптик өнүктүрүү
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Кызматчыны окутуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон аны кесиптик өнүктүрүү максатында жүргүзүлөт.
2. Кызматчыларды окутуунун негизги формалары кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.
3. Кызматчыларды кайра даярдоо кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүзөгө ашырылат.
4. Кызматчынын квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
5. Кызматчыларды кайра даярдоодон өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу тиешелүү документ менен ырасталат.
6. Кызматчы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен төмөнкүлөрдүн демилгеси боюнча окууга жөнөтүлөт:
1) кызматчынын;
2) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин.
7. Кызматчыларды окутуу, мамлекеттик окутуу программалары боюнча мамлекеттик заказды түзүү жана жайгаштыруу, ошондой эле аны ишке ашыруу Президент тарабынан аныкталган окуу жайларынын бирине жүктөлөт.
Мамлекеттик заказ мамлекеттик бюджетте ушул максаттарга каралган каражаттардын чегинде календардык жылга карата кызматчыларды окутуунун планын билдирет. Мамлекеттик заказ кызматчылардын ар кандай категориялары үчүн бардык программаларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын, илимий изилдөөлөрдү жана окуу-усулдук иштелмелерди өзүнө камтыйт.
8. Кош бойлуулук жана төрөт же бала багуу же оорулууну кароо боюнча өргүүдө жүргөн кызматчылар окутуудан өтүүдө артыкчылыктуу укуктарга ээ болушат.
9. Кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсепте бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Эгерде кызматчы өз каалоосу боюнча кызматты токтотсо, 3 айдан ашык мөөнөткө окууга жиберилүүчү кызматчы мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында аныкталган мөөнөттү иштеп берүү жана окутууга байланышкан чыгашалардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелер жөнүндө келишим түзөт.
11. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарынын негизинде жүзөгө ашырылат. Окутууга муктаждыктарды аныктоонун, пландоонун жана болжолдоонун тартиби, ошондой эле окутууну уюштуруу жана өткөрүү, окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо, мамлекеттик заказды түзүү тартиби жана окутуу чөйрөсүндөгү башка маселелер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат
.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу…Постановление · 18.04.2023 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 251-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга…Распоряжение · 17.05.2023 · № 251-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 175-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын…Распоряжение · 22.04.2024 · № 175-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-марты № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун…Постановление · 25.03.2025 · № 145
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 164(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, Н.А.Нарматова, Н.К.Кадырбеков…Распоряжение · 19.03.2024 · № 164-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын…Указ · 26.04.2022 · № 130 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-19" title="19-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>