Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 130 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 „Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө“ жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 24 ноября 2025 года УП № 327 "Об Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-24.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 26-апрели ПЖ № 130 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы, 1-пункту "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Жусуп Абдрахманов атындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктунда "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын уставында:
аталышы жана 1-пункту "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Жусуп Абдрахманов атындагы" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Академиянын милдети мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик), мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин илимий-аналитикалык камсыздоо болуп саналат. Академия мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, мамлекеттик окутуу программалары боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу, ошондой эле аны ишке ашыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окуу жайы болуп саналат."; 3, 5, 15, 16-1, 17, 27, 40-пункттарында "МКК" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Агенттик" деген сөз менен алмаштырылсын; 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Академиянын расмий аталышы бар: мамлекеттик тилдеги толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы"; расмий тилдеги толук аталышы: "Академия государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова"; англис тилиндеги толук аталышы: "Zhusup Abdrakhmanov Academy of Public Administration under the President of the Kyrgyz Republic"; мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы: "Мамлекеттик башкаруу академиясы"; расмий тилдеги кыскартылган аталышы: "Академия государственного управления"; англис тилиндеги кыскартылган аталышы: "The Academy of Public Administration";"; 18, 21-пункттарында: "МКК" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Агенттик" деген сөз менен алмаштырылсын; "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "25. Камкордук Кеңеши юридикалык жактын статусу жок, Академиянын уставдык максаттарына жетишүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкаркы) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышына контролдук кылуу функциясын жүргүзгөн шайлануучу орган болуп саналат. Камкордук Кеңешинин курамы ректордун сунушу боюнча Агенттиктин директорунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, Академиянын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен бекитилет."; 35-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын түзүмүнүн аталышы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу" деген сөздөрдөн кийин "Жусуп Абдрахманов атындагы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Уставы(КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы №206 Жарлыгы менен бекитилген)Устав · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон