Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын 2024-жылга окутууга мамлекеттик заказды бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 22-апрели № 175-т Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын 2024-жылга окутууга мамлекеттик заказ (мындан ары - мамлекеттик заказ) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- мамлекеттик заказды белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке ай сайын берип туруу;
- мамлекеттик заказдын алкагында окууну ийгиликтүү аяктаган мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга (мындан ары - кызматчылар) окуу аяктагандан кийин бир айдын ичинде сертификат берүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
- кызматчыларды окутуу процессине жана сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүп турсун;
- мамлекеттик заказды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызматчылардын квалификациясын 3 жылда бир жолудан кем эмес милдеттүү түрдө жогорулатуу жөнүндө ченемге ылайык окутуу программалары жана план-графиктери боюнча кызматчыларды окутуу курстарына жиберүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына мамлекеттик заказдын алкагында окутууну өткөрүү үчүн жер-жерлерде жайлар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын 2024-жылга окутууга МАМЛЕКЕТТИК ЗАКАЗ
I бөлүм. Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча окутуу:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына жайгаштыруу үчүн окутуу курстары Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун багыттары
1. Кайра даярдоо курстары:
Курстардын тематикасы
Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны
Бишкек шаары
Чүй облусу
Ош шаары жана Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
1.1. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна биринчи жолу дайындалган адамдар үчүн кайра даярдоо курстары
Угуучулардын категориясы: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна биринчи жолу дайындалган кызматчылар
Сааттардын жалпы саны: 200 академиялык саат (100 академиялык сааттан 2 топ)
Окуучулардын жалпы саны: 40 кызматчы
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык):
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар;
- адам ресурстарын башкаруу;
- башкаруудагы санариптик технологиялар;
- процесстерди автоматташтыруу жана "е-Kyzmat" системасын колдонуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери;
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
- башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- коюлган маселелерди чечүүдө новатордук мамилелерди пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- өз ишин, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу
40
-
-
-
-
-
-
-
1.2. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна биринчи жолу кирген адамдар үчүн кайра даярдоо курстары
Угуучулардын категориясы: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна биринчи жолу кирген кызматчылар
Сааттардын жалпы саны: 600 академиялык саат (100 академиялык сааттан 6 топ)
Окуучулардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык):
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар;
- башкаруудагы санариптик технологиялар;
- маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык материалдарды даярдоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде иш боюнча кат алышуулар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кесиптик компетенциялар системасында коомдук баалуулуктарды калыптандыруу;
- кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу
80
40
-
-
-
-
-
-
БАРДЫГЫ: 160 кызматчы
120
40
-
-
-
-
-
-
2. Мамлекеттик заказдын алкагында окутуучу тренерлер үчүн курс
Курстардын тематикасы
Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны
Бишкек шаары
Чүй облусу
Ош шаары жана Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
2.1. Мамлекеттик заказдын алкагында окутуучу тренерлер үчүн тренинг
Угуучулардын категориясы: билим берүү уюмдарынын тренерлери/окутуучулары
Сааттардын жалпы саны: 16 академиялык саат (1 топ)
Окугандардын жалпы саны: 20 тренер
Курстун негизги темасы - окутуу методикасы, анын ичинде санариптик технологиялар боюнча
20
-
-
-
-
-
-
3. Квалификацияны жогорулатуу курстары:
Курстардын тематикасы
Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны
Бишкек шаары
Чүй облусу
Ош шаары жана Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
3.1. Мамлекеттик органдарды жана ЖӨБ органдарын ченемдик-укуктук камсыздоо
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
Сааттардын жалпы саны: 360 академиялык саат (72 академиялык сааттан 5 топ)
Окугандардын жалпы саны: 100 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- ченем жаратуу иши;
- ЧУА иштеп чыгуу методикасы;
- ченем чыгаруу техникасы;
- ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү тартиби;
- ЧУА долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- ЧУАнын жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизи;
- ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби;
- мыйзамдардын гендердик аспекттеринин укуктук колдонулушу;
- ЧУАнын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү
60
40
-
-
-
-
-
3.2. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруу механизмдери
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын кызматкерлери
Сааттардын жалпы саны: 288 академиялык саат (72 академиялык сааттан 4 топ)
Окугандардын жалпы саны: 80 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын укуктук негиздери;
- эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдар;
- мамлекеттик сектордо адам ресурстарын башкаруунун негиздери;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери;
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү, кызмат өтөө;
- карьералык өсүү жана жүйөлөштүрүү;
- кызматкерлерди аттестациялоо;
- кадрдык резерв жана ротация;
- кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу системасы;
- адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системасы;
- электрондук документ жүгүртүү;
- кызматкерлер менен натыйжалуу иштөөнүн формалары жана методдору;
- чыр-чатактарды жөнгө салуу тартиби жана жол-жобосу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу;
- кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү
40
40
-
-
-
-
-
-
3.3. Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында бюджеттик пландоо жана болжолдоо
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын финансылык жана экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери
Сааттардын жалпы саны: 216 академиялык саат (72 академиялык сааттан 3 топ)
Окугандардын жалпы саны: 60 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- бюджеттик пландоонун жана болжолдоонун негиздери;
- методдор жана милдеттер;
- бюджеттин кирешелерин түзүү;
- бюджеттин чыгымдарын пландоо жана болжолдоо;
- максаттуу программаларды каржылоо;
- бюджеттик инвестицияларды башкаруу;
- бухгалтердик жана финансылык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдар;
- мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык эсеп жана анын негизги элементтери;
- программалык бюджетти түзүүнүн тартиби;
- финансылык менеджмент;
- тайм-менеджмент;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасы;
- мамлекеттик сатып алуулар финансылык менеджменттин курамдык элементи катары;
- ички контролдук системасы жана бухгалтердик эсепте документ жүгүртүү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү
20
40
-
-
-
-
-
-
3.4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта натыйжалуу башкаруу
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
Сааттардын жалпы саны: 216 академиялык саат (72 академиялык сааттан 3 топ)
Окугандардын жалпы саны: 60 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар;
- мамлекеттик деңгээлде башкаруунун инструменти катары мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын ишин стратегиялык пландоо;
- финансылык менеджмент;
- долбоордук башкаруу;
- талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо;
- башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
- Кайдзен япониялык менеджмент системасы;
- башкаруудагы санариптик технологиялар;
- адам ресурстарын башкаруу;
- убакытты натыйжалуу башкаруу;
- стресс-менеджмент;
- кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү
20
40
-
-
-
-
-
-
3.5. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары
Угуучулардын категориясы: ЖӨБ органдарынын кызматчылары
Сааттардын жалпы саны: 144 академиялык саат (72 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 40 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- жердин укуктук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жер мыйзамдарынын негизги түшүнүктөрү жана талаптары;
- жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын компетенциялары;
- Кыргыз Республикасынын жер фондуна кирген жерлердин категориялары;
- жарандык укуктардын жана аны менен болгон бүтүмдөрдүн объекти катары жер участогуна болгон укук;
- жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ролу жана функциялары;
- калктуу конуштардын (шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын) жерлерин берүү;
- жеке турак жай куруу үчүн жер берүү;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жерлерди берүү;
- жайыттарды башкаруу;
- ЖӨБ органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүү;
- шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында куруу жана жер пайдалануу эрежелери;
- коррупцияга каршы аракеттенүү
-
40
-
-
-
-
-
-
БАРДЫГЫ: 340 угуучу
140
200
-
-
-
-
-
-
4. Окутуу курстары, анын ичинде улуттук программалар боюнча:
Курстардын тематикасы
Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны
Бишкек шаары
Чүй облусу
Ош шаары жана Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
4.1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын квалификациясын жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары
Сааттардын жалпы саны: 72 академиялык саат (36 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 40 угуучу
Курстун негизги темалары:
- "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруу: 2023-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга чейинки милдеттер;
- мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мамлекеттик саясаты;
- Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформа;
- региондук деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо-социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу;
- жер мыйзамдары;
- мамлекеттик башкарууну санариптештирүү;
- башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- финансылык менеджмент;
- долбоордук башкаруу
40
-
-
-
-
-
-
-
4.2. Экономикалык маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын экономикалык маселелер боюнча орун басарлары
Сааттардын жалпы саны: 72 академиялык саат (36 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 40 угуучу
Курстун негизги темалары:
- "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруу: 2023-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга чейинки милдеттер;
- мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мамлекеттик саясаты;
- Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформа;
- региондук деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо - социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу;
- экологиялык, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө системалуу, интеграцияланган мамилеге негизделген ТӨМдү ишке ашырууда ЖӨБ органдарынын ролу;
- региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү;
- бюджеттик пландоо. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу;
- жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана чыгымдарын оптималдаштыруу жолдору;
- ЖӨБдүн инвестициялык саясаты. Жергиликтүү жамааттардын ресурстарын башкаруу
40
-
-
-
-
-
-
-
4.3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары
Сааттардын жалпы саны: 72 академиялык саат (36 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 40 угуучу
Курстун негизги темалары:
- "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруу: 2023-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга чейинки милдеттер;
- мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мамлекеттик саясаты;
- Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформа;
- региондук деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо - социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу;
- экологиялык, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө системалуу, интеграцияланган мамилеге негизделген ТӨМдү ишке ашырууда ЖӨБ органдарынын ролу;
- региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү;
- мектептик билим берүү системасын реформалоо маселелери;
- мамлекеттик социалдык заказ;
- мамлекеттик жаштар саясаты, маданият, искусство, туризм жана спорт жаатындагы саясат
40
-
-
-
-
-
-
-
4.4. Шаарлардын мэрлеринин жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык райондук администрация башчыларынын квалификациясын жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: шаарлардын мэрлери
Сааттардын жалпы саны: 72 академиялык саат (36 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 35 угуучу
Курстун негизги темалары:
- "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруу: 2023-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга чейинки милдеттер;
- мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мамлекеттик саясаты;
- Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформа;
- региондук деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо - социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу;
- жер мыйзамдары;
- мамлекеттик башкарууну санариптештирүү;
- башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- финансылык менеджмент;
- долбоордук башкаруу
35
-
-
-
-
-
-
-
4.5. Шаарлардын мэрлеринин жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык райондук администрация башчыларынын экономикалык маселелер боюнча орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: шаарлардын мэрлеринин экономикалык маселелер боюнча орун басарлары
Сааттардын жалпы саны: 72 академиялык саат (36 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 35 угуучу
Курстун негизги темалары:
- "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруу: 2023-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга чейинки милдеттер;
- мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мамлекеттик саясаты;
- Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформа;
- региондук деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо - социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу;
- экологиялык, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө системалуу, интеграцияланган мамилеге негизделген ТӨМдү ишке ашырууда ЖӨБ органдарынын ролу;
- региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү;
- бюджеттик пландоо. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу;
- жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана чыгымдарын оптималдаштыруу жолдору;
- ЖӨБдүн инвестициялык саясаты. Муниципалдык менчикти башкаруу
35
-
-
-
-
-
-
-
4.6. Шаарлардын мэрлеринин жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык райондук администрация башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: шаарлардын мэрлеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары
Сааттардын жалпы саны: 72 академиялык саат (36 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 35 угуучу
Курстун негизги темалары:
- "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруу: 2023-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга чейинки милдеттер;
- мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мамлекеттик саясаты;
- Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформа;
- региондук деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо - социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу;
- экологиялык, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө системалуу, интеграцияланган мамилеге негизделген ТӨМдү ишке ашырууда ЖӨБ органдарынын ролу;
- региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү;
- мектептик билим берүү системасын реформалоо маселелери;
- мамлекеттик социалдык заказ;
- мамлекеттик жаштар саясаты, маданият, искусство, туризм жана спорт жаатындагы саясат
35
-
-
-
-
-
-
-
4.7. Айыл өкмөт башчыларынын квалификациясын жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: айыл өкмөт башчылары
Сааттардын жалпы саны: 72 академиялык саат (36 академиялык сааттан 2 топ)
Окугандардын жалпы саны: 49 угуучу
Курстун негизги темалары:
- ЖӨБдүн уюштуруу-укуктук негиздери;
- ЖӨБдүн финансы-экономикалык негиздери;
- региондорду өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо;
- жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү;
- жергиликтүү деңгээлде башкаруудагы санариптик технологиялар;
- жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү системасын уюштуруу;
- жергиликтүү жамааттардын ресурстарын башкаруу;
- ЖӨБдүн инвестициялык саясаты;
- жер мыйзамдары;
- долбоордук башкаруу;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жана кесиптик этика
-
49
-
-
-
-
-
-
4.8. Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүү концепциясы
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
Сааттардын жалпы саны: 176 академиялык саат (16 академиялык сааттан 11 топ)
Окугандардын жалпы саны: 220 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн этаптары;
- Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктүн саясий-укуктук негиздери;
- Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктү калыптандыруу саясатынын негизги артыкчылыктары;
- Кыргыз жараны - жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүүдө мамлекеттин жана жарандык коомдун институттарынын ролу
100
120
-
-
-
-
-
-
4.9. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
Угуучулардын категориясы: жарандык коом менен өз ара аракеттенүү функцияларына кирген мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
Сааттардын жалпы саны: 144 академиялык саат (36 академиялык сааттан 4 топ)
Окугандардын жалпы саны: 80 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- укуктук жөнгө салуу аркылуу укук бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана жарандык коомдун күч-аракеттерин координациялоо;
- укук бузууларды эсепке алуу, талдоо жана болжолдоо системасын өнүктүрүү;
- укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды киргизүү;
- мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына ишенимди жогорулатуу максатында профилактикалоо субъекттеринин калк менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;
- укук бузуулардын алдын алууга коомчулуктун көңүлүн буруу жана жарандарды тартуу
40
40
-
-
-
-
-
-
4.10. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын уюштуруу
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын уюштурууга жооптуу болгон мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар
Сааттардын жалпы саны: 108 академиялык саат (36 академиялык сааттан 3 топ)
Окугандардын жалпы саны: 60 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасынын укуктук негизи;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун оптималдаштырууда тиешелүү бизнес-процесстердин реинжиниринг (BPR) методдору;
- кызмат көрсөтүүнүн проактивдүү ыкмалары;
- бир суроо-талап боюнча 2 же 3 кызмат көрсөтүү менен жалпы белгилери бар композиттик кызмат көрсөтүүлөр;
- кызмат көрсөтүү функцияларын (бөлүгүн) аутсорсингге берүү тартиби;
- "кирүү терезелеринин" ишин, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана арыз берүүчүлөр менен иштөө;
- автоматташтырылган системалар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр (дүйнөлүк практика, Кыргыз Республикасынын практикасы): электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, "Санарип аймак" АМС ж.б.
20
40
-
-
-
-
-
-
4.11. Мамлекеттик башкаруу системасындагы санариптик трансформациялоо
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
Сааттардын жалпы саны: 144 академиялык саат (36 академиялык сааттан 4 топ)
Окугандардын жалпы саны: 80 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- электрондук башкаруунун жана электрондук мамлекеттин укуктук негиздери;
- "Түндүк" ЭВӨС милдеттерин ишке ашыруу;
- электрондук башкаруунун негиздери, электрондук башкарууну куруунун методдору жана технологиялары. Process Modeler колдонуу;
- МКТ чөйрөсүндө долбоордук башкаруу, МКТ долбоорлорун иштеп чыгуу. Project Management практикалык колдонуу;
- МКТ аркылуу стратегиялык пландоо;
- электрондук башкаруу долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо;
- маалымат базалары менен иштөө. Маалыматтар базасын түзүүнүн негиздери. "e-Kyzmat" АМС, "Infodocs" АМС;
- санариптик трансформациялоонун методдору. Булуттук технологиялар;
- автоматташтырылган системалар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр (дүйнөлүк практика, Кыргыз Республикасынын практикасы). Электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук кызматтарды көрсөтүү жана колдонуу практикасы;
- киберкоопсуздук;
- коррупцияга каршы аракеттенүү
40
40
-
-
-
-
-
-
4.12. Мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык отчеттуулук
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын финансылык жана экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери
Сааттардын жалпы саны: 108 академиялык саат (36 академиялык сааттан 3 топ)
Окугандардын жалпы саны: 60 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик жана финансылык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдар;
- бухгалтердик эсепте ички контролдоо системасы жана документ жүгүртүү;
- мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык эсеп жана анын негизги элементтери;
- кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу;
- негизги фонддорду жана материалдык эмес активдерди эсепке алуу;
- товардык-материалдык запастарды эсепке алуу;
- акча каражаттарын жана дебитордук карыздарды эсепке алуу;
- милдеттенмелерди эсепке алуу (кредитордук карыз, эмгек акы ж.б.);
- таза активдер;
- мамлекеттик башкаруу секторунда финансылык отчеттуулукту түзүү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү
20
40
-
-
-
-
-
-
4.13. Мамлекеттик сектордогу долбоордук менеджмент
Угуучулардын категориясы: тармактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери
Сааттардын жалпы саны: 108 академиялык саат (36 академиялык сааттан 3 топ)
Окугандардын жалпы саны: 60 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- долбоордун жашоо цикли жана фазалары;
- мамлекеттик башкаруу системасында долбоордук ыкманы ишке ашыруу;
- программаны/улуттук долбоордук башкаруунун типтүү архитектурасы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна долбоордук ыкманы киргизүү. Долбоордук менеджментти киргизүүнүн ченемдик негизи;
- тобокелдиктерди башкаруу. Системалык кемчиликтер жана көйгөйлөр. Мамлекеттик органдардын долбоордук ыкманы колдонууга каршылык көрсөтүүсүнүн негизги себептери;
- иштин иерархиялык түзүмү. Операциялардын ишин баалоо. Долбоордук башкаруунун Улуттук системасынын уюштуруу схемасы. Долбоордогу ролдор
20
40
-
-
-
-
-
-
4.14. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
Сааттардын жалпы саны: 108 академиялык саат (36 академиялык сааттан 3 топ)
Окугандардын жалпы саны: 60 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы программасы;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды аткарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана координацияланышын камсыз кылуу;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жарандык коомдун институттары жана өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүгө багытталган алдын алуу иштери
20
40
-
-
-
-
-
-
БАРДЫГЫ: 894 кызматчы
485
409
-
-
-
-
-
-
ЖАЛПЫ: 1394 кызматчы + 20 тренер (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына жайгаштыруу үчүн)
Региондук мамлекеттик билим берүү уюмдарына жайгаштыруу үчүн окутуу курстары Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун багыттары
1. Кайра даярдоо курстары:
Курстардын тематикасы
Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны
Бишкек шаары
Чүй облусу
Ош шаары жана Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
1.1. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна биринчи жолу дайындалган адамдар үчүн кайра даярдоо курстары
Угуучулардын категориясы: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна биринчи жолу дайындалган кызматчылар
Сааттардын жалпы саны: 600 академиялык саат (100 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык):
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар;
- адам ресурстарын башкаруу;
- башкаруудагы санариптик технологиялар;
- процесстерди автоматташтыруу жана "е-Kyzmat" системасын колдонуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери;
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
- башкаруучулук чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- коюлган маселелерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
- өз ишин, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу;
- кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү
-
-
20
20
20
20
20
20
1.2. Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна биринчи жолу кирген адамдар үчүн кайра даярдоо курстары
Угуучулардын категориясы: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна биринчи жолу кирген кызматчылар
Сааттардын жалпы саны: 700 академиялык саат (100 академиялык сааттан 7 топ)
Окугандардын жалпы саны: 140 кызматчы
Курстун негизги темалары (типтүү квалификациялык талаптарга ылайык):
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар;
- башкаруудагы санариптик технологиялар;
- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык материалдарды даярдоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде иш боюнча кат алышуулар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кесиптик компетенциялар системасында коомдук баалуулуктарды калыптандыруу;
- кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу
-
-
40
20
20
20
20
20
БАРДЫГЫ: 260 кызматчы
-
-
60
40
40
40
40
40
2. Квалификацияны жогорулатуу курстары:
Курстардын тематикасы
Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны
Бишкек шаары
Чүй облусу
Ош шаары жана Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
2.1. Мамлекеттик органдарды жана ЖӨБ органдарын ченемдик-укуктук жактан камсыздоо
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
Сааттардын жалпы саны: 576 академиялык саат (72 академиялык сааттан 8 топ)
Окугандардын жалпы саны: 160 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- ченем чыгаруу иши;
- ЧУАны иштеп чыгуу методикасы;
- ченем жаратуу техникасы;
- ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү тартиби;
- ЧУА долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- ЧУАнын жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизи;
- ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби;
- мыйзамдардын гендердик аспекттеринин укуктук колдонулушу;
- ЧУА долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү
-
-
40
20
40
20
20
20
2.2. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруу механизмдери
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын адам ресурстарын башкаруу кызматтарынын кызматкерлери
Сааттардын жалпы саны: 432 академиялык саат (72 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын укуктук негиздери;
- эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдар;
- мамлекеттик сектордо адам ресурстарын башкаруунун негиздери;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспекттери;
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү, кызмат өтөө;
- карьералык өсүү жана жүйөлөштүрүү;
- кызматкерлерди аттестациялоо;
- кадрдык резерв жана ротациялоо;
- кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу системасы;
- адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системасы;
- электрондук документ жүгүртүү;
- кызматкерлер менен натыйжалуу иштөөнүн формалары жана методдору;
- чыр-чатактарды жөнгө салуу тартиби жана жол-жобосу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу;
- кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү
-
-
20
20
20
20
20
20
2.3. Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында бюджеттик пландоо жана болжолдоо
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын финансылык жана экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери
Сааттардын жалпы саны: 432 академиялык саат (72 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- бюджеттик пландоонун жана болжолдоонун негиздери;
- бюджеттик пландоонун методдору жана милдеттери;
- бюджеттин кирешелерин түзүү;
- бюджеттин чыгымдарын пландоо жана болжолдоо;
- максаттуу программаларды каржылоо;
- бюджеттик инвестицияларды башкаруу;
- мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик жана финансылык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдар;
- мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык эсеп жана анын негизги элементтери;
- программалык бюджетти түзүүнүн тартиби;
- финансылык менеджмент;
- тайм-менеджмент;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасы;
- мамлекеттик сатып алуулар финансылык менеджменттин курамдык элементи катары;
- ички контролдук системасы жана бухгалтердик эсепте документ жүгүртүү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү
-
-
20
20
20
20
20
20
2.4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта натыйжалуу башкаруу
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, адистери
Сааттардын жалпы саны: 432 академиялык саат (72 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жалпы мыйзамдар;
- мамлекеттик деңгээлде башкаруунун инструменти катары мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын ишин стратегиялык пландоо;
- финансылык менеджмент;
- долбоордук башкаруу;
- талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо;
- башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
- Кайдзен япониялык менеджмент системасы;
- башкаруудагы санариптик технологиялар;
- адам ресурстарын башкаруу;
- убакытты натыйжалуу башкаруу;
- стресс-менеджмент;
- кызматчылардын кесиптик этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү
-
-
20
20
20
20
20
20
2.5. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары
Угуучулардын категориясы: ЖӨБ органдарынын кызматчылары
Сааттардын жалпы саны: 432 академиялык саат (72 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- жердин укуктук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жер мыйзамдарынын негизги түшүнүктөрү жана талаптары;
- жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын компетенциялары;
- Кыргыз Республикасынын жер фондуна кирген жерлердин категориялары;
- жарандык укуктардын жана аны менен болгон бүтүмдөрдүн объекти катары жер участогуна болгон укук;
- жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ролу жана функциялары;
- калктуу конуштардын (шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын) жерлерин берүү;
- жеке турак жай куруу үчүн жер берүү;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жерлерди берүү;
- жайыттарды башкаруу;
- ЖӨБ органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүү;
- шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында куруу жана жер пайдалануу эрежелери;
- коррупцияга каршы аракеттенүү
-
-
20
20
20
20
20
20
БАРДЫГЫ: 640 кызматчы
-
-
120
100
120
100
100
100
3. Окутуу курстары, анын ичинде улуттук программалар боюнча:
Курстардын тематикасы
Окутуу өткөрүлө турган жер/угуучулардын саны
Бишкек шаары
Чүй облусу
Ош шаары жана Ош облусу
Баткен облусу
Жалал-Абад облусу
Ысык-Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
3.1. Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу
Угуучулардын категориясы: айыл өкмөт башчылары
Сааттардын жалпы саны: 324 академиялык саат (36 академиялык сааттан 9 топ)
Окугандардын жалпы саны: 186 угуучу
Курстун негизги темалары:
- ЖӨБдүн уюштуруу-укуктук негиздери;
- ЖӨБдүн финансы-экономикалык негиздери;
- региондорду өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо;
- жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү;
- жергиликтүү деңгээлде башкаруудагы санариптик технологиялар;
- жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү системасын уюштуруу;
- жергиликтүү жамааттардын ресурстарын башкаруу;
- ЖӨБдүн инвестициялык саясаты;
- жер мыйзамдары;
- долбоордук башкаруу;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жана кесиптик этика
-
-
58
26
37
22
27
16
3.2. Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүү концепциясы
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
Сааттардын жалпы саны: 320 академиялык саат (16 академиялык сааттан 20 топ)
Окугандардын жалпы саны: 400 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн этаптары;
- Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктүн саясий-укуктук негиздери;
- Кыргыз Республикасында жарандык өзгөчөлүктү калыптандыруу саясатынын негизги артыкчылыктары;
- Кыргыз жараны - жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүүдө мамлекеттин жана жарандык коомдун институттарынын ролу
-
-
80
60
80
60
60
60
3.3. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
Угуучулардын категориясы: жарандык коом менен өз ара аракеттенүү функцияларына кирген мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
Сааттардын жалпы саны: 216 академиялык саат (36 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- укуктук жөнгө салуу аркылуу укук бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана жарандык коомдун күч-аракеттерин координациялоо;
- укук бузууларды эсепке алуу, талдоо жана болжолдоо системасын өнүктүрүү;
- укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды киргизүү;
- мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына ишенимди жогорулатуу максатында профилактикалоо субъекттеринин калк менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;
- укук бузуулардын алдын алууга коомчулуктун көңүлүн буруу жана жарандарды тартуу
-
-
20
20
20
20
20
20
3.4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын уюштуруу
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын уюштурууга жооптуу болгон мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар
Сааттардын жалпы саны: 216 академиялык саат (36 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасынын укуктук негизи;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун оптималдаштырууда тиешелүү бизнес-процесстердин реинжиниринг (BPR) методдору;
- кызмат көрсөтүүнүн проактивдүү ыкмалары;
- бир суроо-талап боюнча 2 же 3 кызмат көрсөтүү менен жалпы белгилери бар композиттик кызмат көрсөтүүлөр;
- кызмат көрсөтүү функцияларын (бөлүгүн) аутсорсингге берүү тартиби;
- "кирүү терезелеринин" ишин, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана арыз берүүчүлөр менен иштөө;
- автоматташтырылган системалар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр (дүйнөлүк практика, Кыргыз Республикасынын практикасы): электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, "Санарип аймак" АМС ж.б.
-
-
20
20
20
20
20
20
3.5. Мамлекеттик башкаруу системасындагы санариптик трансформациялоо
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
Сааттардын жалпы саны: 288 академиялык саат (36 академиялык сааттан 8 топ)
Окугандардын жалпы саны: 160 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- электрондук башкаруунун жана электрондук мамлекеттин укуктук негиздери;
- "Түндүк" ЭВӨС милдеттерин ишке ашыруу;
- электрондук башкаруунун негиздери, электрондук башкарууну куруунун методдору жана технологиялары. Process Modeler колдонуу;
- МКТ чөйрөсүндө долбоордук башкаруу, МКТ долбоорлорун иштеп чыгуу. Project Management практикалык колдонуу;
- МКТ аркылуу стратегиялык пландоо;
- электрондук башкаруу долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо;
- маалымат базалары менен иштөө. Маалыматтар базасын түзүүнүн негиздери. "e-Kyzmat" АМС, "Infodocs" АМС;
- санариптик трансформациялоонун методдору. Булуттук технологиялар;
- автоматташтырылган системалар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр (дүйнөлүк практика, Кыргыз Республикасынын практикасы). Электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук кызматтарды көрсөтүү жана колдонуу практикасы;
- киберкоопсуздук;
- коррупцияга каршы аракеттенүү
-
-
40
20
40
20
20
20
3.6. Мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык отчеттуулук
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын финансылык жана экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери
Сааттардын жалпы саны: 216 академиялык саат (36 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик жана финансылык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдар;
- бухгалтердик эсепте ички контролдоо системасы жана документ жүгүртүү;
- мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык эсеп жана анын негизги элементтери;
- кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу;
- негизги фонддорду жана материалдык эмес активдерди эсепке алуу;
- товардык-материалдык запастарды эсепке алуу;
- акча каражаттарын жана дебитордук карыздарды эсепке алуу;
- милдеттенмелерди эсепке алуу (кредитордук карыз, эмгек акы ж.б.);
- таза активдер;
- мамлекеттик башкаруу секторунда финансылык отчеттуулукту түзүү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү
-
-
20
20
20
20
20
20
3.7. Мамлекеттик сектордогу долбоордук менеджмент
Угуучулардын категориясы: тармактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери
Сааттардын жалпы саны: 216 академиялык саат (36 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- долбоордун жашоо цикли жана фазалары;
- мамлекеттик башкаруу системасында долбоордук ыкманы ишке ашыруу;
- программаны/улуттук долбоордук башкаруунун типтүү архитектурасы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна долбоордук ыкманы киргизүү. Долбоордук менеджментти киргизүүнүн ченемдик негизи;
- тобокелдиктерди башкаруу. Системалык кемчиликтер жана көйгөйлөр. Мамлекеттик органдардын долбоордук ыкманы колдонууга каршылык көрсөтүүсүнүн негизги себептери;
- иштин иерархиялык түзүмү. Операциялардын ишин баалоо. Долбоордук башкаруунун Улуттук системасынын уюштуруу схемасы. Долбоордогу ролдор
-
-
20
20
20
20
20
20
3.8. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү
Угуучулардын категориясы: мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
Сааттардын жалпы саны: 216 академиялык саат (36 академиялык сааттан 6 топ)
Окугандардын жалпы саны: 120 кызматчы
Курстун негизги темалары:
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы программасы;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды аткарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана координацияланышын камсыз кылуу;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жарандык коомдун институттары жана өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүгө багытталган алдын алуу иштери
-
-
20
20
20
20
20
20
БАРДЫГЫ: 1346 кызматчы
-
-
278
206
257
202
207
196
ЖАЛПЫ: 2246 кызматчы (региондук мамлекеттик билим берүү уюмдарына жайгаштыруу үчүн)
Окутулуучу кызматчылардын жалпы саны - 3660 адам.
II бөлүм. Кызматчыларды окутуу үчүн окуу-методикалык иштеп чыгуулар:
1. Окуу модулдарын иштеп чыгуу:
№
Модулдун аталышы
Модулдун узактыгы (академ. саат)
Угуучулардын категориясы
1
"Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында бюджеттик пландоо жана болжолдоо" окуу-тренинг модулу
72
мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
2
"Мамлекеттик башкаруу системасындагы санариптик трансформациялоо" окуу-тренинг модулу
36
мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
3
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын уюштуруу" окуу-тренинг модулу
36
мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
4
"Жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын иш регламенти" окуу-тренинг модулу
36
мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын бардык категориялары
5
"Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат" окуу-тренинг модулу
36
мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери
6
"Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү" окуу-тренинг модулу
36
мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери
7
"ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курсу" окуу-тренинг модулу
72
ЖӨБ органдарынын жетекчилери
Окуу-методикалык иштеп чыгуулардын жалпы саны - 7. Кыскартуулардын тизмеси:
АМС
-
автоматташтырылган маалыматтык система
МКТ
-
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
КР
-
Кыргыз Республикасы
ЖӨБ
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу
ЧУА
-
ченемдик укуктук актылар
СЭӨП
-
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы
ЭВӨС
-
электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы
ТӨМ
-
туруктуу өнүктүрүү максаттары
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу…Постановление · 18.04.2023 · № 209
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон