18-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өздүк иши
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Кызматчынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик жана кызматтык мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк ишинде камтылат. Өздүк иш мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында өздүк иш тиешелүү түзүмдүк бөлүм же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда, анын өздүк иши көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет. Бир кызматчыга бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт.
4. Кызматчылардын саясий жана диний көз караштары жөнүндө, алардын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жыйноого жана киргизүүгө тыюу салынат.
5. Өздүк иштерди жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк ишке киргизилүүгө тийиш маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк тартиби, кызмат өтөөнү эсепке алуу маселелери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
6. Кызматчынын өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматчы анын өздүк ишинде камтылган маалыматтар, материалдар жана документтер менен таанышууга укуктуу.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Порядок · 14.06.2022 · № 316
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы N 316 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин…Постановление · 14.06.2022 · № 316
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-18" title="18-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>