9-берене
Күчүндө · 16.11.2022 редакциясы
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
1) 37-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчу абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана\же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен акционерлердин жылдык жалпы чогулуштарын өткөрүүнүн башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.";
2) 81-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана\же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен коомдун финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетту жарыялоонун башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.".
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112023/st-9" title="9-берене - Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>