15-берене. Кызматкерлердин формалык кийими, айырмачылык белгилери, күбөлүктөрү
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Кызматкер кызмат өтөп жаткан укук коргоо органынын түрүнө жараша бири-бирине окшобогон формалык кийимдер жана айырмачылык белгилер аныкталат. Жарандык мекемелер үчүн ушундай формалык кийимге тыюу салынат.
2. Атайын наам ыйгарылган кызматкер формалык кийим менен акысыз камсыздалат.
3. Формалык кийимдин сыпатталышы, айырмачылык белгилери, кийип жүрүү тартиби жана аны менен камсыз кылуу нормасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
4. Укук коргоо органынын кызматкерине кызматтык ырастама берилет жана орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызматкерге өздүк номери бар атайын жетон кошумча берилет.
5. Кызматкердин кызматтык ырастамасы анын өздүгүн, укук коргоо органына таандыктыгын, кызмат ордун жана атайын наамын, анын куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого укугун тастыктоочу документ болуп саналат.
6. Кызматкердин кызматтык ырастамасынын, атайын жетонунун үлгүлөрү жана аларды берүү тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
7. Терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, укук коргоо органындагы кызматтан пенсия алуу укугу менен бошотулган адамга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген майрам күндөрүндө жана укук коргоо органдарынын кесиптик майрамдарында гана формалык кийимди кийүүгө уруксат берилет.
8. Укук коргоо органынын баркын түшүрүүчү жосундары үчүн кызматтан бошотулган адам формалык кийимди кийүү укугунан ажыратылат.
9. Кызматкер формалык кийимдин, кызматтык күбөлүктүн, өздүк номери бар атайын жетондун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызматтык тартипти бузуу болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана…Постановление · 18.11.2022 · № 642
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №35-10/394 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын…Приказ · 21.12.2022 · № 35-10/394
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун…Постановление · 07.10.2022 · № 553
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик Бажы Кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 09.06.2023 · № 35-10/157
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 10.05.2024 · № 35-10/1
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 11.03.2025 · № 35-10/1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 36-07/1 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 16.06.2026 · № 36-07/1
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-декабрындагы № 35-10/2 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 10.12.2024 · № 35-10/2
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун…Постановление · 07.10.2022 · № 553
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>