Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 553 Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ички иштер органдарын буюм-тайым менен камсыз кылууну ушул токтомго ылайык жүзөгө ашырсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 606 "Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын кийиминин формасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин сыпаттоону…Приказ · 04.09.2023 · № 4
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №606 "Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы…Постановление · 19.09.2009 · № 606
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 07.10.2022 · № 553
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №606 "Милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы…Постановление · 19.09.2009 · № 606
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102