Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматкерлерин буюм мүлкү менен камсыз кылуунун ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-ноябры № 642 Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматкерлерин буюм мүлкү менен камсыз кылуунун ченемдерин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматкерлерин буюм мүлкү менен камсыз кылуунун ченемдери 1-5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен камсыз кылуу нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен тынчтык мезгилде камсыз кылуу нормаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги белгиси жөнүндө жана фуражкасынын маңдайындагы эмблемасы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин…Постановление · 14.09.2007 · № 406
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамынын форма кийиминин жеңиндеги…Постановление · 21.06.2007 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2013 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу…Постановление · 30.09.2013 · № 532
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы №10 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи…Постановление · 15.01.2009 · № 10