16-берене. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 4-глава
1. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын тикелей аткаруу, уюштуруу жана аткарууну камсыз кылуу максатында уюштурулат.
2. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундарынын тизмеги (реестри) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
3. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары белгиленип чектелген атайын наамдарга ылайык катардагы, кенже, ортоңку, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына бөлүнөт.
Укук коргоо органдарында ээленүүчү кызмат орундары жана бул кызмат орундарына ылайык келген атайын наамдар төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) катардагы курам - катардагы (курсанттар);
2) кенже жетектөөчү курам - кенже сержанттан тартып улук прапорщикке чейин кошо алганда;
3) ортоңку жетектөөчү курам - кенже лейтенанттан тартып капитанга чейин кошо алганда;
4) улук жетектөөчү курам - майордон тартып полковникке чейин кошо алганда;
5) жогорку жетектөөчү курам - генерал-майордон тартып генерал-полковникке чейин кошо алганда.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Президенти тарабынан бекитилет.
3. Укук коргоо органдарындагы кызмат алынып салынды: орундар кошулду: орундары белгиленип чектелген атайын наамдарга ылайык катардагы, кенже, алынып салынды: орто, кошулду: ортоңку, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызмат алынып салынды: орундарга кошулду: орундарына бөлүнөт.
кошулду: Укук коргоо органдарында ээленүүчү кызмат орундары жана бул кызмат орундарына ылайык келген атайын наамдар төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) катардагы курам - катардагы (курсанттар);
2) кенже жетектөөчү курам - кенже сержанттан тартып улук прапорщикке чейин кошо алганда;
3) ортоңку жетектөөчү курам - кенже лейтенанттан тартып капитанга чейин кошо алганда;
4) улук жетектөөчү курам - майордон тартып полковникке чейин кошо алганда;
5) жогорку жетектөөчү курам - генерал-майордон тартып генерал-полковникке чейин кошо алганда.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>