71-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу соттолгон адамды жазык аткаруу тутумунун мекемелерине жөнөтүү жолу менен коомдон мажбурлап обочолонууну билдирет жана эгерде сот белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, ушул Кодекстин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө, 161-беренесинин 4-бөлүгүндө, 162-беренесинин 4-бөлүгүндө, 239-беренесинин 3-бөлүгүндө, 380, 381, 383, 384, 386-беренелеринде, 389-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгиленет.
2. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ушул Кодекстин тиешелүү беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында атайын каралган учурларда гана дайындалат.
3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, кылмыш жасаган учурда алтымыш жашка чыккан эркектерге дайындалбайт.
4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
71-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-71" title="71-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>