Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 3-декабры № 134 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 31-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин алгачкы текшерүү органдары тарабынан башталган ыкчам-издөө иш-чаралары ал күчүнө кирген күндөн тартып, Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте сотко чейинки өндүрүштү баштоо үчүн, тергөө караштуулугун эске алуу менен сотко чейинки өндүрүш органдарына өткөрүлүп берилет. Жазык-процесстик кодекс күчүнө кирген күндөн тартып, Жазык кодексинин 182, 239-245, 250-252, 307-318, 380-386, 388-395-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштардын белгилери боюнча; "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте жүргүзүүгө жол берилет. Жазык кодексинин 182, 239-245, 250-252, 307-318, 380-386, 388-395-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштар боюнча; "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча адамдын конституциялык укуктарын чектөөчү ыкчам-издөө иш-чаралары Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте тергөө судьясынын чечими менен жүзөгө ашырылат. Ушул бөлүктүн экинчи жана үчүнчү абзацтарынын жоболору тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүнө киргенге чейин колдонулат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-декабры № 101 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3214-VI "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жосундар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.06.2019 · № 3214-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Изин суутпай издөө иши жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 131 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндөЗакон · 20.01.2017 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон