50-берене. Ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 9-глава
1. Аткаруу документин аткаруу үчүн биринчи жолу берүүдө сот аткаруучу карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшырат.
2. Ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу:
1) карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруусу үчүн мөөнөттү белгилейт;
2) ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөттүн аякташы менен андан тиешелүүлүгүнө жараша ушул Мыйзамдын 118 жана 129-беренелеринде каралган аткаруу жыйымын жана аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды өндүрүп алуунун көрсөтүлгөн талаптарын мажбурлап аткартуу жөнүндө карызкорго эскертүү берет;
3) сот актысын аткарбаганы, ага тете анын аткарылышына тоскоолдук кылганы үчүн жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган чектөө чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу карызкорго эскертүү берет;
4) ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча мүлккө карызкордун укуктары жөнүндө маалыматтарды (мындан ары - маалыматтар) толтурууну жана берүүнү сунуш кылат.
3. Ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту карызкорго талаптагыдай тапшырган күндөн тартып он жумушчу күн деп белгиленет.
Ушул Мыйзамдын 45-беренесинде белгиленген жол-жоболордун сот аткаруучу тарабынан сакталышы аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту талаптагыдай тапшыруу болуп эсептелет.
4. Эгерде аткаруу документинде аткаруу мөөнөтү көрсөтүлсө, анда ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт белгиленбейт.
5. Аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш төмөнкү учурларда тапшырылбайт:
1) карызкордон аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруу документин аткаруу процессинде соттук аткаруучу салган аткаруу жыйымдарын жана айыптарын өндүрүп алуу жөнүндө чыгарылган жана аткарылбаган токтомдор боюнча;
2) аткаруу документин улам кийинки берүүлөрдө;
3) иш-аракетти (укукту) токтото туруу жөнүндө аткаруу документи боюнча;
4) мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи боюнча;
5) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу документи боюнча;
6) эгерде аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жатса.
6. Карызкордун иш жүзүндө турган жери белгисиз болгондо өндүрүп алуучу соттон карызкордун мүлкү жайгашкан жери боюнча өкүл дайындоо жөнүндө сурана алат жана ага ушул беренеде каралган тартипте аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылат.
7. Карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн карызкорго берилген мөөнөт аяктаганга чейин аткаруу документин аткаруу жери боюнча сот аткаруучулардын кызматынын бөлүмүнө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Маалыматта Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык карызкор анык эмес билдирүүлөрдү, толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды бергендиги, ушуга тете маалыматтарда көрсөтүлгөн мүлктү ажыраткандыгы жана/же коромжу кылгандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту алынып салынды: карызкор алган кошулду: карызкорго талаптагыдай тапшырган күндөн тартып он жумушчу күн деп белгиленет.
Ушул Мыйзамдын … № 126, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 185 кошулду: 185, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)алынып салынды: Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген Мыйзамдын 50-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-50" title="50-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>