118-берене. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 17-глава
1. Өндүрүп алуучунун жана аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана жасоого сарпталган акча каражаттары аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар болуп саналат.
2. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга төмөнкүлөргө сарпталган акча каражаттары кирет:
1) карызкордун мүлкүн ташууга, сактоого жана сатууга;
2) аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте тартылган котормочулардын, адистердин жана башка адамдардын иши үчүн сыйакы, ошондой эле алар жана калыс-күбөлөр тарткан чыгашалардын компенсациясы;
3) өндүрүп алуучуга акча каражатты которуу (жөнөтүү);
4) карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө;
5) карызкордун укуктарын мамлекеттик каттоону жүргүзүү;
6) өндүрүп алуучунун аванстык төгүмүнө;
7) аткаруу документин аткаруу процессиндеги башка зарыл иш-аракеттерди жасоого.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
118-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-118" title="118-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>