Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-берене. Чакыруу кагазын же кабарлоону жеткирүү, тапшыруу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы почта боюнча же сот аткаруучу жеткирүүнү тапшырган адам тарабынан жеткирилсе, анда аларды даректелүүчүгө жеткирүү датасы жана убактысы сот аткаруучулар бөлүмүнө же болбосо жеке сот аткаруучуга кайра кайтарылууга жаткан документке жазылат.
2. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу документинде же болбосо даректелүүчү тарабынан көрсөтүлгөн байланыштын электрондук, башка электрдик түрү менен жеткирилсе, анда аларды жеткирүү датасы жана убактысы белгиленген ыкма менен катталат.
3. Жаранга даректелүүчү кабарлоо же чакыруу кагазы сот аткаруучулардын бөлүмүнө же болбосо жеке сот аткаруучуга кайтарылууга жаткан тапшыруу жөнүндө кабарлоого кол койдуруу менен жеке өзүнө тапшырылат.
Юридикалык жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы юридикалык жактын кызматкерине тапшырылат, ал өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен тапшыруу жөнүндө билдирүүгө кабарды же чакыруу кагазын алганы үчүн кол коет.
4. Эгерде кабарлоону же чакыруу кагазын жеткирген адам чакырылган жаранды анын жашаган жери боюнча таппаса, анда кабарлоо же чакыруу кагазы аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын кимдир бирөөсүнө алардын макулдугу менен тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.
5. Эгерде кабарлоону же чакыруу кагазын жеткирген адам даректелүүчүнү же аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын кимдир-бирөөсүн анын жашаган жери боюнча таппаса, анда кабарлоо же чакыруу кагазы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, коомдук өз алдынча башкаруунун аймактык органдарына тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.
Даректелүүчү же аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же туугандары кабарлоону же чакыруу кагазын алуудан баш тартканда, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, коомдук өз алдынча башкаруунун аймактык органдарына тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.
6. Кабарлоону же чакыруу кагазын почта аркылуу жеткирүүдө даректелүүчү төмөнкү учурларда талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет:
1) эгерде тапшыруу жөнүндө кабарлоодо даректелүүчүнүн жок экени, даректелүүчүнүн кайсыл жерге кеткени жана анын кайтып келүүсү качан күтүлүп жатканы жөнүндө белги коюлса же мындай маалыматтардын жок экени тууралуу белги коюлса;
2) эгерде почта аркылуу жиберилген кабарландырууну алганына карабастан даректелүүчү кабарлоону же чакыруу кагазын алуу үчүн почта бөлүмүнө келбесе.
Эгерде кабарландыруу даректелүүчүгө ушул берененин 2-бөлүгүнүн эрежелери боюнча жиберилсе, жак ошондой эле талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.
7. Ушул берененин ченемдери сот аткаруучунун токтомун жана ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушун жеткирүү тартибине жайылтылат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жеткирүү датасы жана убактысы сот аткаруучулар бөлүмүнө кошулду: же болбосо жеке сот аткаруучуга кайра кайтарылууга жаткан документке жазылат. 2. Эгерде кабарлоо же … даректелүүчү кабарлоо же чакыруу кагазы сот аткаруучулардын бөлүмүнө кошулду: же болбосо жеке сот аткаруучуга кайтарылууга жаткан тапшыруу жөнүндө кабарлоого кол койдуруу менен … жак ошондой эле талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет. кошулду: 7. Ушул берененин ченемдери сот аткаруучунун токтомун жана ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушун жеткирүү тартибине жайылтылат. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-45" title="45-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>