51-берене. Камсыз кылуу мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттеринин түрлөрү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 9-глава
1. Аткаруу документтеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында сот аткаруучу ыктыярдуу аткаруу жөнүндөгү сунуш тапшырганга чейин жана ал мөөнөттүн ичинде камсыз кылуу мүнөзүндөгү төмөнкүдөй аткаруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырат:
1) карызкордун мүлкүн издөөнү жүргүзөт, анын мүлкүнө, анын ичинде акча каражаттарына жана баалуу кагаздарына камак салат, көрсөтүлгөн мүлкүн алып коет, камак салынган жана алып коюлган мүлктү сактоого өткөрүп берет;
2) (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) карызкорду жана анын мүлкүн издөө, баланы издөө жарыялайт;
4) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөөлөрдү белгилейт;
51) менчигинин түрүнө карабастан, карызкордун - юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө киргизет;
6) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) аткаруу документтерин өз убагында, толук жана туура аткаруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген башка аткаруу иш-аракеттерин жасайт.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 5, 51 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жасоого укуктуу. Чет мамлекеттеги аткаруу иш-аракети Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5 жана 51-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызынын негизинде жана ушул чараны кабыл албоо андан аркы аткарууга мүмкүндүк бербей турган жагдайлар болгондо гана жасоого укуктуу.
31. Укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча төлөмдөр толук көлөмдө төлөгөндүгү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган аткаруу жыйымы төлөнгөндүгү тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалымат системасына келип түшкөн учурда, укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча карызкордун чыгып кеткенине убактылуу коюлган чектөө ушул система менен түзүлгөн электрондук отчет аркылуу алып салынышы мүмкүн.
Электрондук отчет карызкордун чыгып кеткенине убактылуу коюлган чектөөнү жокко чыгаруу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун бир жумуш күндүн ичинде чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Токтомдун көчүрмөсү карызкорго токтотуусуз жөнөтүлөт. Карызкордун чыгып кеткенине убактылуу чектөөнү коюу жана/же алуу боюнча ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тартиби улуттук коопсуздук органы менен биргеликте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
4. Алименттик милдеттенмелер боюнча жана мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча карызкордун чыгып кетишине чектөө коюу карыз бар болгон учурда гана мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 12-январындагы № 11, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 3-июнундагы №79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…камак салынган жана алып коюлган мүлктү сактоого өткөрүп берет;
2) алынып салынды: мүлктү баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына кошулду: (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык алынып салынды: келген баалоочуларды тартат;
кошулду: күчүн жоготту)
3) карызкорду жана анын мүлкүн издөө, баланы издөө жарыялайт;
4) (КР … Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөөлөрдү белгилейт;
кошулду: 51) менчигинин түрүнө карабастан, карызкордун - юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө киргизет;
6) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн … Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3, алынып салынды: 5-пункттарында кошулду: 5, 51 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу Кыргыз … белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн алынып салынды: 5-пунктунда кошулду: 5 жана 51-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу өндүрүп алуучунун … № 11, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 185 кошулду: 185, 2026-жылдын 3-июнундагы №79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)алынып салынды: Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген Мыйзамдын 51-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 185
- Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.06.2026 · № 79
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.02.2025 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-51" title="51-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>